Улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт

Жогорку Кеӊеште «Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө» Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоолорду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул макулдашууну кыргыз парламенти ратификацияласа, улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт.

Ошентип, КР Өкмөтү ЭВФ тарабынан сунушталган реформаларга макул болгон учурда, Кыргыз Республикасында жыл сайын 177,6 млн СПЗга же 262,2 млн долларга чейин жеңилдетилген карыз каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгү өсөт. Ал түзүмдүк экономикалык реформаларды колдоого жумшалат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *