Улуттук госпиталдык жетекчиси Динара Сагынбаевага мыйзам барбы?

Учурда парламент депутаты, башта ИИМ министри, ЖАМК төрагасы кызматтарын аркалаган Зарылбек Рысалиев кылмышкер,  “мыйзамдагы ууру” атанган Азиз Батукаевдин абактан, атүгүл, Кыргызстандан чыгып кетишинин негизги себептерин ачык айтып берээрин жарыя кылууда. Менимче, анын сөзү кылмышкердин медициналык справкасын “тууралап” берген Динара Сагынбаевадан башталса керек. Эгерде Динара айымдын медсправкасы болбогондо, кылмышкер “кыңк” этпей камакта олтурмагы баарыбызга түшүнүктүү. Динара Сагынбаева кыргыздын кыйла жигиттеринин канына забын болгон, кыз зордуктап камалган Азиз Батукаевге анчалык эмне боору ооруп, жүрөгүжылып кеткенин түшүнүп болбойт. “Ана-мына өлөт” деген немеси куландан соо эле кутуруп, Орусияда оромпой тээп жүрөт. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган Д.Сагынбаева болсо, учурда Улуттук госпиталды жетектеп, кылы да кыйшайбастан кычырап иштеп жүрөт. Баарыбыз Батукаев деп бакырганыбыз менен, аныбызды “пыш” деп да койбогон, Гиппократка берген антынан тайып, бүтүндөй бир өлкө элин алдаган, көзүн будамайлаган бу айымга мыйзам тарабынан көрүлө турган эч чара жокпу? Биздин колубузга ЖКнын Социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин депутаттык тобу тарабынан “КРнын жарандарынын саламаттыгын коргоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын текшерген материал тийип калды. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдагы кыңыр иштер тууралуу кеңири баяндалган. Республикалык диагностикалык борбор баш болуп, мамлекеттик лабораториялар турганына карабай, Динара Сагынбаева акча төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү жана диагностикалык лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн “Бонецкий лабораториясы” соода маркасындагы “Интелмед” ОсОО менен келишим түзгөн. Түзмөк түгүл, аларга Улуттук госпиталдын чок ортосунан ижара акысыз орун берип, бейтаптардын баарын “Бонецкий лабораториясынан” анализ тапшырууга мажбурлаган. Бейтаптардын биоматериалдарын Улуттук госпиталдын кызматкерлери чогултуп берип турган. Ал эми акчасы албетте, пациенттин чөнтөгүнөн төлөнөт. Бул жерде баса белгилеп коё турган нерсе, негизи өлкөнүн бардык жарандары ФОМС аркылуу камсыздандырылган. ФОМС чогулган каражатты республикадагы ооруканалар менен бейтапканаларга бөлүштүрүп берет. Андыктан бардык анализдер бекер же женилдетилген түрдө тапшырылышы зарыл.

Ал эми Улуттук госпиталдын башкы врачы Д.Сагынбаеванын бейтаптарды кайдагы бир коммерциялык уюмга акча төлөтүп жатышын кандай түшүнүүгө болот? “Бонецкийдин” коммерциялык баалары да асман чапчыйт. Эгер Республикалык диагностикалык борбор менен салыштырып көрсөк, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгат. Мисалы, кант диабетин аныктоо РДБда 401 сом болсо, “Бонецкийде” 490 сом (айырма 89 сом же 18%). Липидный спектр дегени 166 сом болсо, буларда 290 сом (айырма 124 сом же 42%). Бөйрөк анализи РДБдо 133 сом болсо, буларда 266 сом (айырма 133 сом же 50%). Ферменттер 194 сом болсо, буларда 294 сом (айырма туптуура 100 сом же 34%). Бул тизмени уланта берсек чыга берет. Динара Сагынбаеванын мындай кылыгын кантип атоого болот? Карапайым калктын калтасын каккан мындай ишти каракчылык дебегенде не дейбиз. Ансыз да оорудан онтоп, жаны кашайып келген жарандарыбыздын үстүнөн коммерция жасап, ошолордун оорусунан тапкан каражат кантип тамагынан өтөт болду экен?! Мындан тышкары, Паровой стерилизатор сатып алуусу боюнча да депутаттардын жумушчу тобу мыйзам бузууларды аныктаган. Конкурска катышкан ОсОО «Фарватер» жалпы суммасы 4400,0 миң сом сунуштаганына карабай, 6894,0 миң сом көрсөткөн ОсОО «Лидер Медикал» жеңүүчү болуп табылган. 60 күн аралыгында аппаратты алып келип орнотуп, монтаждап, ишке киргизип коюуга милдеттенген ОсОО “Лидер Медикал” 9 ай өткөндө араң алып келип, анысы али күнгө чейин ишке кирбей турат. Алган милдеттердин аткарылбаганы жана мөөнөттүн кечеңдегени үчүн төлөй турган пенялар да төлөнгөн эмес. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Улуттук госпиталдын башкы врачы Динара Сагынбаевага деле бир мыйзам жок окшойт. Мамлекеттик каражаттарды каалагандай колдонуп, байма-бай укук бузууларга барып жаткан медицина кызматкерине баракелде дебеске арга жок.

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө врач Л.Бушуеванын кетирген медициналык катасынын айынан Р.Умуралиева аттуу айым каза болот. Ал учурда көз микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева ден соолугуна байланыштуу “больничныйда” жүрүп, орун басары А. Кадыралиева бөлүм башчынын милдетин аткарып турган. Дарыланып жүргөнүнө карабай, С.Иманбаева жумушуна келип ички териштирүүнү баштайт. Бирок Улуттук госпиталдын башкы врачы Д.Сагынбаева күнөөсү аныкталган Л.Бушуеваны статья менен иштен айдоонун ордуна ага болгону сөгүш берип, өз арызы менен кетүүгө шарт түзүп берет. Ошондой эле каза болгон Р.Умуралиевага милдеттүү түрдөгү союуну (вскрытие) жасатпайт. Бөлүмдөгү дарыгерлерди уюштуруп, аларга кол койдуруп, Салтанат Иманбаеваны кызматтан алуу боюнча буйрукка кол коёт. Баарынан кызыгы, бөлүм башчы С.Иманбаеваны кызматтан кетиргенин белгилеп, анын иш бөлмөсүндө дарыгерлерди чогултуп спирт ичимдиктерин ичип майрамдаганы бүтүндөй госпиталга угулат. Алардан калган бөтөлкөлөрдү чогултуп, бөлүм башчынын кабинетин тазалаган техничкалар да өтө нааразы болушкан экен, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагынбаевага. Былтыр эле Д.Сагынбаева А.Кулназаров жана А.Алымбаев аттуу дарыгерлерди кызматтан мыйзамсыз алып, алар Биринчи май соту тарабынан кайра кызматтарына келишкен. Бирок Д.Сагынбаеванын мыйзамсыз аракетинин аркасында Улуттук госпиталь мамлекеттин эсебинен экөөнө 99200 сом төлөп берүүгө аргасыз болгон. Андан сабак албаган башкы дарыгер бөлүм башчы С.Иманбаевага каршы кат жазып, кол койгондордун башында өз катасы менен бейтапты аркы дүйнөгө узаткан Л .Бушуева, дал ошол учурда бөлүм башчынын милдетин аткарып турган А.Кадыралиеванын турганы кызык. Ал Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүн 18 жылдан бери ийгиликтүү жетектеп келе жаткан С.Иманбаеванын “КР Эмгек сиңирген дарыгери” экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Эмгек жолунда 7000ден ашуун операцияны ийгиликтүү жүргүзгөн, медицина идимдеринин кандидаты. Өзү жетектеген офтольмология бөлүмүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп, 75 жылдан бери жакшылык көрө элек имараттын багын ачкан. Буга чейин оорулууларды көрүү үчүн бир гана жай иштеп келсе, азыр үч жерден көрүнүүгө шарт бар. Дарыгерлер үчүн эс алуучу бөлмө да жасалган. Мунун баары демөөрчүлөр аркылуу ишке ашканын баса белгилеп коюшубуз зарыл. Ошол эле жылдары баш дарыгер Салтанат Иманбаева иш билгилиги менен атайын бизнес-проект даярдап, аны швейцариялык Кызыл Крестке жөнөткөн. Швейцариядан илимдин доктору, профессор келип бөлүмдүн жумушу менен жакындан таанышкан.

Дарыгерлер менен чогуу операцияларга катышып, бөлүмдүн шартына күбө болгон. Жыйынтыгында ал шарттардын начардыгына карабай мыкты жыйынтыктарга жетип жаткан адистерге таң калып, суктанган. Себеби алар эң алдыңкы технологиялар менен биздегидей жыйынтыктарга жетишет экен. Кийин таасирленген профессор швейцариялык Кызыл Крестке жазып, долбоорго 500 000 АКШ долларын бөлдүртүп берген. Аны менен кошо жаңы жабдуулар, эң акыркы моделдеги 2 микроскоп, диагноз коюучу жабдуулар келген. Швейцариядан атайын адис келип бул жабдуулар кандай иштээрин көрсөтүп, мастер-класс өтүп кеткен. Кызыгы, бөлүм кызматкерлери арадан 4 жыл убакыт өтсө дагы алиге чейин колдонууну жөндөп үйрөнө алышкан эмес. Иштейм деген адам эмгиче жабдууларда эркин иштеп калуусу керек эле. Салтанат Иманбаева кол астындагы дарыгерлеринин келечегин ойлоп 6 кишиге билимин, тажрыйбасын тереңдетүү үчүн Москва шаарындагы Гельмгольц институтунан акысыз окууга шарт түзүп берген. Кийинки жылы Уфадагы институтта тажрыйбаларын жогорулатасын деген макулдашуулар болгон. Кайра эле ошол швейцариялык Кызыл Крестке кайрылып, алар каражат бөлгөн. Мунун баарын тастыктаган иш кагаздары бар. Ушул күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы Улуттук госпиталдын Офтальмология бөлүмүндөгү жамааттын арызын текшерүүдө. Аларды калыс, адилеттүү чечим чыгарат деп ишене туралы. Жогорку Кеңештин депутаттарынын Улуттук госпиталдагы жогоруда биз сөз кылган мыйзам бузуу боюнча материалдар Башкы прокуратурага, Эсеп палатасына, УКМКга жана Каржы полициясына жөнөтүлгөн. Жакынкы арада алар тараптан алгылыктуу аракеттер болот деп ишенебиз.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *