Улуттук китепканада “Улуттук адабият таануунун патриархы” китеп көргөзмөсү уюштурулду

2018-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, филология илимдериник доктору, профессор Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдыгына арналган   “Улуттук адабият таануунун патриархы” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, филология илимдериник доктору, профессор К. Асаналиев 1928-жылы 10-июнда Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Саз айылында туулган.

Ал 1946-жылы орто мектепти бүтүп, Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип, аны 1950-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, Ленинграддагы  орус адабияты институтунун алдындагы аспирантурадан окутан.

1953-жылы “Т. Сыдыкбековдун чыгармачылык жолу” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Кыргыз Республикасынын ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже, улуу илимий кызматкер, директордун илимий иштер боюнча орун басары 1981-жылдан кыргыз совет адабият секторунун башчысы болуп иштеген. Кийинки кездерде Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде кафедра башчысы болгон. Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз Республикасынын маданиятына  эмгек сиңирген ишмери” деген ардак наамын алган.

К. Асаналиев чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган. “Акын боло албагандар сынчы болот’’ дегендей сынчы катары адабий чөйрөгө тааныш.

1956-жылы “Түгөлбай Сыдыкбековдун романдары” деген монографиясы Кыргыз ИАнын басмасынан 6 табак көлөмүндө жарык көргөн. Илимпоздун туңгуч эмгегинен аналитикалык жөндөмдүүлүгү, сөздү туура таап, орду-ордуна коё билүү чеберчилиги, ойдун логикалуулугу, ырааттуулугу сыяктуу сапаттары ошол кезде башталгандыгы ачык көрүнөт. Бекеринен Ломоносов атынлагы университеттин окутуучусу, кыргыз тилин мыкты билген С. Даронян “орчундуу илимий изилдөө” деп ал эмгекке баа берген эмес.

1957-жылы басмадан чыккан “Кыргыз прозасынын очерктери” аттуу эмгегинин 1- бөлүмүндө М. Элебаевдин “Узак жол” жана К. Жантөшевдин “Каныбек” романдарына кенири токтолуп аңгеме, повесттерди талдап анализдеген. Сын менен изилдөөнү бири-бирине өтүшүп турган бир бүтүндүн эки канатындай карап аргументтерге таянат.

К.Асаналиев адабиятчы, сынчы катары чыккан мезгилден тартып эле реалисттик адабияттын салттарына өзгөчө басым жасаган. Анын “Орус классикалык жана советтик адабияттын кыргыз адабиятындагы традицияларынын кээ бир маселелери”, “Кыргыз прозасынын ишенимдүү ориентациясы жөнүндө”, “Учууга эки канаттай”, “Кыргыз прозаиктеринин улуу мектеби”, “Манас эпосу жана Чыңгыз Айтматов”,  сыяктуу бир топ макалалары жарыяланган.

Адабиятчы, сынчынын змгектери Т. Сыдыкбековдун жана Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына, кыргыз адабиятынын учурдагы өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларына арналган.

Окумуштуу ар кайсы багытта, ар кандай темаларда көп эле эмгектерди жаратты.  Сынчынын чыгармачылыгына мүнөздүү башкы нерсе эч качан бийликтин идеологиясынан же кайсыл бир коньюнктуралык максаттардан улам убактылуу топтун куралына айланбай, жеке өзүнө таандык гана көз карашты, өзүнүн дүйнө таанымына таянып улуттук адабияттын өнүгүшүнө орчундуу салымын кошкон.

Мындан башка да “Көркөм бийиктиктер”, “Өрдөн өргө”, “Доор менен бирге”, “Тандалмалар”, “Көркөм нарк”, “Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн”, “Азыркы замандын адамын ачуу”, “Айыл, Шекер жана космос” жана башка түйшүктүү сын жанрына арналган китептери бар.

Адабият илими жана сын боюнча орусча, кыргызча бир топ макалаларды жазган жана орто мектептердин адабият окуу китептеринин автору.

Кыргыз сынчыларынын бир нече муунунун устаты катары таанымал адис 2007-жылы дүйнөдөн кайтты.

Көргөзмөгө К. Асаналиевдин китептери, газета-журналдык макалалар, цитаталар жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.ыргызРеспубликасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.  Тел.: 30-47-04

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *