Улуттук курултай Кыргызстан тарыхында жаңы барак ачабы?

Кыргызстан улуттук-мекенчил күчтөрүнүн биримдиги (КУМКБ) тарабынан 2017-жылдын 23-май күнү өткөн Республикалык Улуттук Курултайда талкууланган КР Конституциясынын 2-беренесинин 2-пунктуна жана 52-берененин 2-пунктуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндагү мыйзам долбоору.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакциада өзгөртүлсүн:

Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жана элдик курултайларда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Элдик курултай – Нукура элдик бий­ликтин эң жогорку багыттоочу жана көзөмөлдөөчү саясий-коомдук уюму болуп эсептелет. Ал бир дагы мамле­кеттик бийлик бутактарына кирбейт, өзүн-өзү башкаруу, көз карандысыз, мезгил мезгили менен чакырылып, коомдук башталыш тартибинде иштейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президенти, башка Конституцияда аныкталган мамлекеттик бийликтин органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өздөрүнө жүктөлгөн мамлекетттик иштер боюнча жыл сайын Элдик курултайда элге отчет берүүгө милдеттүү. Алардын ар бир жылдык аткарган мамле­кеттик иштери боюнча жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерде (айыл аймактарда, мэрияларда) жергиликтүү элдик курултайлар өткөрүлүп тийиштүү баалар берилет. Жергиликтүү элдик курултайлардын жыйынтыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын аткарган иштеринен башкасы, республикалык улуттук курултай­да чыгарылат. Эгерде жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерде өткөрүлгөн курултайлардын жарымынан көбүндө Жогорку Кенештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, башка мамлекеттик бийлик ор­гандарынын жетекчилеринин аткарган жылдык иштери канаттандыраарлык эмес деп табылса, анда алар өз ыйгарым укугун аткаруудан мөөнөтүнөн мурда четтетилди деп табылат. Ал эми Жогорку Кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылат.

Элдик курултайдын түзүмү, курамы, ыйгарым укуктары, аны чакыруунун, делегаттарын шайлоонун, добуш берүүнүн жол-жоболору, иштөө тартиби, чечимдеринин аткарылышы, элдик курултайда каралуучу маселелердин тизмеги ж.б. маселелер конституция­лык мыйзам менен аныкталат.

  1. 52-берененин 2-пунктунун экинчи бөлүгүнө төмөндөгүчө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

52-берене 2- 2-пункттун экинчи бөлүгү “Элдик Курултайдын чечимин милдеттүү түрдө аткаруу үчүн тиешелүү органдарга жиберилет”. Үчүнчү бөлүгү толугу менен алынып салынсын.

Мыйзам кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Мыйзам долбооруна справка-негиздеме

Кыргызстан 26 жылдык эгемен доорунда саясий- экономикалык жактан алга өнүгүү жолун тапкан жок. Улут жаңыланбады. Саясий-экономикалык туңгуюктун айынан жана кайра-кайра референдум жолу менен оңдолгон конституциялык реформалардын кесепетинен мамлекеттик бийлик бир адам – “Президент” тарабынан узурпацияланып, өлкөдө авторитардык бийлик, анын үй-бүлөлүк түрү бекем орноду. Анын кесепетинен коомубуз корруцияланды. Бийлик менен элдин ажырымы алыстады. Улут кайра жаңыланбай эле өз жеринде саясий, нравалык, диндик, уруучулук, жердешчилик жактан бөлүнө баштады. Улуттук намыс жоголуп баратат. Мамлекеттик бийлик – элге эмес, бир адамга же анын үй-бүлө, жакындарына, партиясына кызмат кылып калды. Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги таптакыр жоголду. Депутаттык орун, башка бийлик орундары ачыктан ачык сатылып калды. Эгерде биз сунуштаган мыйзам долбоору Конституцияга киргизилсе Элдик Курултай институту аркылуу – мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жооп­керчилиги калыбына келет. Демократия толук кандуу орнойт. Коррупция ооздукталат. Ар бир адам бийликтин ээси экенин сезет. Акчалуулар бийликке чуркабайт. Эл менен бийликтин ортусундагы ажырым акырындап жоголот. Бийлик Президеттерге, анын жакындарына, партиясына иштебейт, элге кызмат кылат, антпесе мөөнөтүнөн мурда кетирилет.

Туруктуу элдик кенеш

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *