Улуттук олимпиада комитетинин алгачкы президенти Эши́м Кутманали́ев тууралуу 7 факты

10-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетин түптөп, эл аралык  аренага таанытып, олимпиадалык оюндарга баштап барган алгачкы президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эшим Кутманалиевдин көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Эр Эшим атыккан, жоктон барды кылган, Хуан Антонио Самаранч менен Аль Сабахка жаккан,  спорт чөйрөсүндө урмат-сыйга арзыган ишмер тууралуу кызыктуу 7 фактыны журналист Кабыл Макешов баяндайт.

  1. Алгач Эшим Кутманалиевдин наамдарын эле санасак, спортко кошкон салымына далил болот. Эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген устат, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ардактуу профессор, Шериктеш өлкөлөрдүн Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги, Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу професору, Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиада комитеттеринин бирикмесинин башкы катчысы. Ал эми мамлекеттик сыйлыктары: “ Ардак белгиси”, 3-даражадагы “Манас” ордендеринин, “Даңк” , “Эмгектеги артыкчылык” медалдарынын, Эл аралык олимпиада комитетинин “Алтын орденин” ээси болгон.
  2. Эшим Кутманалиев 1938-жылы 10-майда Талас районунун Кең-Арал айылында туулган. Эркин күрөш менен бала чагынан машыккан. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун (азыркы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын) артыкчылык диплому менен бүтүп, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик айыл чарба инситтутунда дене тарбия окутуучусу болуп баштаган. 1963-64-жылдары Кыргыз ССРинин дене тарбия жана спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу, 1964-жылдан 1987-жылга чейин даңазалуу  “Алга” спорттук коомунда төраганын орун басары, төрагасы болуп кызмат өтөгөн. 1987-1991-жылдары Кыргыз ССРинин дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп,  өлкө эгемендикке ээ болгондо Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетин (УОК) уюштуруп, алгачкы президенти болуп шайланган. Ал  Альбервиль, Haгано, Лейк-Плэсид, Барселона, Атланта, Сидней олимпиадалык оюндарына Кыргызстандын спортчуларын жетектеп барган.
  3. Улуттук олимпиада комитетинин эл аралык аренада таанылышына, Кыргызстан Эл аралык Олимпиада Комитетине (ЭОК), Азия олимпиадалык Кеңешке (АОК) мүчө болушуна, кышкы жана жайкы олимпиадалык оюндарга, Азия оюндарына эгемен өлкө катары катышуусуна зор салым кошкон. Анын расмий чакыруусу менен ЭОК президенти Хуан Антонио Самаранч, АОК президенти Аль Сабах Кыргызстанга  эки ирет келген. Бирок, 2004-жылдын 23-декабрында ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин кысымы астында анын уулу Айдар Акаевге УОКтун президенттик кызматын өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.
  4. 2005-жылкы революциядан кийин Айдар Акаев өлкөдөн качып кетип, 30-мартта Эшим Кутманалиев кайрадан УОКко президент болуп шайланган. Айрым спорт ишмерлери ага каршы чыгышып, дагы бир Улуттук олимпиада комитетин түзүшүп, ага Аскар Салымбековду президент кылып шайлап, кош бийлик өкүм сүрүп, олимпиадалык комитетте кризис тереңдей баштаган. Мындай талаш-тартышуу токтобосо ЭОК Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып салаарын эскерткен. Эшим Кутманалиев баштаган спорт коомчулугу бир чечимге келишип, Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев УОКтун президенти болуп шайланган.
  5. Эшим Кутманалиевдин демилгеси менен Борбор Азия оюндары уюшулуп, 4 жылда бир ирет Ташкент, Алматы, Бишкек, Дүйшөнбү шаарларында өткөрүлүп,  ЭОК бул саамалыкты колдоого алган. Анын демилгеси менен Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиада комитеттеринин бирикмеси, Азия Олимпиадалык кеңешинин Борбор Азиядагы бешинчи аймагы түзүлгөн. Штаб квартирасы Москва шаарында жайгашкан Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын башкы катчысы болуп, спорт тармагындагы кызматташууга көпүрө болгон.
  6.  Эшим Кутманалиев Кыргызстандын Жеңил атлетика жана Сумо федерацияларынын президенти да болуп, бул спорт түрлөрүнүн башында турган.  Ал Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, Олимпиадалык оюндарга, эл аралык мелдештерге Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, намыс талашууларга команданы  баштап барган. Спорт комитетинин төрагасы болуп турганда спорт аянттарын курууга, спорт комплекстерин салууга чоң салым кошкон.
  7. Абдан уюштургуч, тубаса дипломат, колу ачык, берешен, ачык айрым, адамдарга жардам берүүгө дилгир, маданият ишмерлерин колдоого алган жоомарт, шайыр жан эле. СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев баштаган акындар, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева өңдүү маданият ишмерлерине демөөрчүлүк кылып турган. Эшим Кутманалиев 74 жашында  рак илдетине чалдыгып, узак убакытка төшөктө жатып, 2013-жылдын 9-январында каза болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ысымы Талас шаарындагы стадионго ыйгарылган. Ар жыл сайын эркин күрөш боюнча жаштар арасында Эшим Кутманалиевди эскерүү эл аралык мелдеши өткөрүлүп турат. Кичүү кызы Мээрим атасы атындагы кайрымдуулук фондун түзүп, анын демилгелерин улантып келүүдө.

 

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *