Умбриель Темиралиев: Бизде күч органдар ишкерлерди тынбай текшерүүгө алышып, саан уйдай көрүп алышкан

Биздин иш баштоого белсенген ишкерлерибизге тоскоолдуктар, турдүү мамлекеттик кызматтардын текшерүүлөрү күч экени байма-бай айтылып келет. «Мамлекетте ишкерлерге колдоо катары кандай мыйзамдар каралууда? Кандай тоскоолдуктар бар?» деген суроо менен ЖК төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жетекчиси Умбриэль Темиралиевге кайрылдык.

-Кыргыз ишкерлеринин ишин жакшыртууга, ыңгайлуу шарт түзүүгө кандай иштерди алып барып жатасыздар?

– Биз азыр эки багытта иштеп жатабыз. Биринчиси, Жогорку Кеңештин алдында бизнести туура өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн. Ошол жерге Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн ишкерлер, бизнес коомдорунун өкүлдөрүнүн, ассоциациялары мүчө болуп келишкен. Ишкерликке тиешелүү мыйзамдар болобу, долбоорлор болобу, ошого окшогон көйгөйлөрдүн баарын юридикалык жагынан карап чечкенге аракет кылабыз. Буга чейин биз мыйзам долбоорлорду карап чыктык. Кээ бир ишкерликке каршы келген мыйзамдарды токтотуп, пайдалууларын алып чыгып кароого жөнөтүп жатабыз. Экинчиси, биздин жеке багытыбыз бар. «Tredstone Capital Partners» компаниясы менен азыр төрт компания боюнча иш алып барып, экөөнү инвестициялоо ишке ашырылды. Бул иштерибиз менен Кыргызстандын орто жана чакан ишканаларын өнүктүрүү максатын коюп, түз инвестиция фондун курганга аракет кылып жатабыз.

– Ишкерликке кандай тоскоолдуктар болууда? Мамлекет тарабынан кандай камкордуктар бар?

– Ишкерлерди кыйноого алган түрдүү мамлекеттик кызматтардын текшерүүлөрү маселе болууда. Президентибиз азыр коррупцияны жоюу боюнча жакшы иш баштады. Көбүнчө аймактарда иш баштаган ишкерлерге 7-8 текшерүүчү органдар пайда болуп калат. Өрт өчүрүү, салык кызматтары болуп, баары текшерүүгө алып киришет. Аларды азайтканга аракет кылып, биздин аянтка окшогон иш алып баруучуларга ой пикирлерин, көйгөйлөрүн айтып, ортодо сүйлөшкөнгө аракет кылышат. Мисалы, Бишкекте жакшы жыйынтыктар болду. Азыр бир ишкерди күч органдары текшере турган болсо, башкы прокуратуранын уруксатысыз текшерүүгө акылары жок. Тилекке каршы, бул маселе аймактарга жакшы жете элек. Күч органдар, санэпидемстанция, өрт өчүрүү ж.б. кызматтар тынбай текшерүүгө алышып, ишкерлерди саан уйдай көрүп алышкан. Азыр укуктары тууралуу ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мыйзам чегинде өз укуктарын коргой билишсе, текшерүү органдары да бейчеки текшерүүлөрүн азайтышат.

– Аймактардагы ишкерлердин көйгөйүн чечүүгө кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Аймактар биринчи эле маалымат жетпеген жагынан аксап келишет. Ишкерлик тууралуу жакшы иш-чаралар Бишкекте эле болуп, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл ж.б. аймактарыбызга жетпей калып жатат. Ошол маалымат жетишсиздигинен жакшы өнүгө албай калышууда. Мамлекет тарабынан кандай колдоолор болууда? Банктар менен кандай иштешсе болот? Экспортко чыгуунун кандай жеңил жолдору бар? Кандай программаларга катышса болот? Ушул сыяктуу бизнес долбоорлорун жазуу жолдоруна окшогон программалар жетишпей жатат. Экинчи жагынан, каржы, финансылык булактар керек. Бизде бир ишти баштоо үчүн капитал керек. Капитал алайын десе банктардан башка эч ким камсыздай албайт. Ишкерлер кайрылганда эң чоң маселе күрөө маселеси болуп жатат. Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө өзүнүн кыймылсыз мүлкү болбосо, каражат алганга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калууда. Маалымат, билим жана каржылоо маселесин чечип алсак, күч органдары, текшерүү органдары азыраак текшерип баштаса, ишкерликте чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *