Үмүт Ташматова: Чыңгыз Айтматов кайтыш болгондо жолдошум Фахриддин черткен күү жаңырып турду

-Эже, жездебиз кандай киши эле?

– Бул кишини бүт кыргыз эли, ал эмес жалпы Орто Азия чебер комузчу катары таанычу. Күүлөрдү эч бир кынтыксыз, так чертчү эле. Окуучу, студенттеринен да ошондой ойноону талап кылчу. Ал эми адам катары өтө кичипейил инсан болчу. Улууга да, кичүүгө да бирдей жакшы мамиле жасачу. Өзү ошондой түптүз жүргөн, бетке айткан киши эле да, башкаларды да өзүндөй ойлочу. Көп сүйлөбөйт эле.

– Комузду кимден үйрөнгөн экен?

– Кичи-Карамыкта өзүнүн бир тууган акеси бар. Ошол киши ойночу экен. Агасынын черткенин угуп жүрүп, үйрөнүптүр.

– Экөөңүздөр студент кезде тааныштыңыздар беле?

– Ооба, биз окуган окуу жай мурда Ош педагогикалык институту эле. 1967-жылы чогуу тапшырып, бирок, Фрунзеде Б.Бейшеналиева атындагы искусство институ ачылган соң алар ошол жакка которулуп кетишти. Окууну бүткөндөн кийин Фрунзе районуна келип, маданият үйүндө директор болуп иштеп калды. Мен болсо Ош студиясына иштеп жаткам.

– Окууну бүтүп эле теледе калдыңызбы?

– Жок, бир жыл мектепте иштедим. Бирок, музыкалык билимибиз болгон үчүн кароо-конкурстарга катышып турчу элек. Ошондой конкурстар-дын бирин-де биринчи орунду жеңип алып, биздин группаны Ош телевидениесине концерттик номерге чакырышты. Биз ырдап атканда эки агай кирип, мени тиктеп калышты. «Начар ырдап атат окшойм» деп коём өзүмчө. Корее, диктор Шарапат Турдакунова декретке кетип, ошонун ордуна диктор издеп жатышкан экен. Ырдап бүткөндөн кийин эле «бизде иштегенди каалайсыңбы?» деп сурап калышты. Бул мен үчүн күтүлбөгөн суроо болду. «Билбейм» десем, колума текст карматышып, «окуп көр» дешти. Окуп көрдүм. «Эми камера менен көрөлү» дешти. Анан теледе иштөөнү сунуш кылышты. Мен мектепте окуп жүргөндө эле сарайда түнкү тизимде отурганда «көңүл буруңуздар, колхоздун радиоузелинен сүйлөйбүз. Азыр сиздер үчүн арноо концертин беребиз» деп дикторлорду туурай берер элем. Шарапат Турдакунованын окутан тексттерин радио-дон угуп, мен да ошол жерде иштеп калууну тилек кылгам. Таш-кендеги театралдык институтка тапшырууну самап, кыргыз тили жана адабиятынан берген агайыбыз Урайым Шарипбаевден «эмнеден экзамен алат» деп сураганым эсимде. Тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кетип, ал жакка ба-ралбай калдым. Бирок, «жаштын тилегин берет» дегендей, Ош телевиде-ниесинде иштеп калдым. Фахридин болсо кез-кезде концерттик номерлери менен бизге келип турчу. Анан насип-тагдыр экен, бир күнү достору менен алакачып кетишти. Жолдо-шум маданият үйүндөгү директорлук ишин өткөрүп берип, ОшПИге мугалим болуп орношту.

– Токон Эшпаев сиздин курста-шыңыз экенин билем. Алдан башка дагы кимдер менен чогуу окудунуз эле?

– Жусуп Тол-тоев, Темирали Шералиев, Аскар Ураимов.

-Кызыңыз Аида скрип-каны канча жашынан үйрөндү?

– Алты жашынан музыкалык мектепке бара баштады. Айкан болсо фортепианону үч жашынан үйрөндү. Ошентип, музыкалык үй-бүлөгө айландык. Алар ар кимиси бирден бөл-мөгө кирип, машыгуусун башташканда мага ашкана тиет эле. Неберем Чолпон да алардын жолун улап, азыр фортепианодо да, комузда да ойнойт. Канча конкурстардын жеңүүчүсү болду. Быйыл Кудай буюрса, чет тилдер факультетин бүтөт.

– Жездебиз качан ооруп калды?
– Былтыр май айларында бир аз ооруп, врачтарга көрүнүп жүрдү. Июлдарда Бишкекке бардык. Ошондон кийин эле төшөккө жатып калды. Жарым жылдай ооруп жатып, быйыл 12-январда коз жумду.

– Сөөгү Кармышак Ташбаевдин жанына коюлган турбайбы?

– Бир күндө кайтыш болушпадыбы. Экөө жакын мамиледе болчу. Азыр жылын унутуп атам, Ош шаары жө-нүндө эң мыкты ырга конкурс жарыяланып калды. Ошондо Кармышак Ташбаевдин сөзүнө Фахридин обон чыгарган ырды Чырмаш Төрөбеков аткарып, баш байгени утуп алышкан. Буйрук экен, экөө жанаша жатып калышты…

– Комузу көрүнбөйт да?

– Небереси алып кеткен. Өзү бирөөлөргө бербейт эле. Атайын заказ берип чаптырчу. «Бул бир тайлык комуз» дечү. Комуздан сырткары, рубаб, дутар, домбрада да ойночу. Канча жолу Казакстанга барып, фестивал-дарга катышып келген. Өзбекстанга барганда «Минажат» күүсүн аткарып берсе, «бизден дажакшы ойнодуңуз» деп таңкалышкан экен.

– Өзү кайсы күүнү өзгөчө жакшы көрчү эле?

– Бардык эле күүлөрдү зор эргүү менен ойночу. «Сынган бугу, «Камбар-кан»… «Көкөй кестини» өзгөчө ыйла-тып, сыздатып чертчү. Чыңгыз Айтматов кайтыш болгондо Фахридин черткен күү жаңырып турбадыбы…

– Өзүңүз студияда эле иштеп жатасызбы?

– Ооба, үн режиссёрмун. Бирок, үн режиссёр болуп иштесем да, кадр артындагы тексттерди окуп жүрөм. «Бөбөк кечи» берүүсүндө балдарга жомок айтып берем. Котормолорго да катыша калам.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *