Үмүтай Абдышова, ырчы: “Мен эңсеген жигит алдымдан чыгып калса, эч нерсени ойлонбой туруп турмушка чыкмакмын…”

Көп тилди билип, башка улуттардын ырларын комузга салып ырдап жүргөн таланттуу ырчы кызыбыз Үмүтай Абдышова акыркы учурда чет жакта көп ырдап жүрөт. Ырчынын ийгиликтери, чет жерден алган таасири тууралуу маек курдук.

–      Үмүтай, чет өлкөгө бул сапар кандай чыгармачыл жамаат менен, канча убакытка, канча мамлекетке чыктыңар?

–      Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, жыл бою ошондой уланат деп коюшат го, анын сыңарындай былтыркы жаңы жылды Кытай мамлекетинде мекендештерибиз менен бирге тосконбуз. Ошол салтты улай эле, быйыл дагы Түркиянын Стамбул шаарында Кыргыз достук коому менен биргеликте тостук. Андан соң 2018-жылдын 7-январынан баштап 22-январына чейин батыш Европа мамлекеттерин кыдырып келдим. Бул сапар Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги тарабынан чакырылган топ бардык. Биз “Nomadstan” дегенбелгилүү туристтик фирма менен барып келдик. Тагыраагы, аталган фирма  Голландия мамлекетинин  Утрехт шаарында 120 мамлекеттин катышуусунда болуп өткөн, миңден ашуун фирма катышкан дүйнөлүк выставкага катышышты.  Биз ошол фирманын  чыгармачыл бренди катары барып келдик.  Алгач бир жума ошол Утрех шаарында  кыргыз маданиятын көрсөттүк. Андан ары элчиликтин чакыруусу менен Бельгиянын Брюссель шаарындагы жана Франциянын Париж шаарындагы мекендештерибизге  концерт койдук. Мени менен бирге жаш төкмө акын Кубат Тукешов барган. Европадан келип, Бишкекте бир күн болгондон кийин дароо эле Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүп жаткан көргөзмөгө келдик. Бул маанилүү көргөзмө десек да жаңылбайбыз, себеби  туристтик фирмалардын эң алдыңкылары катышат. Кудай буюруп, ушул жерге дагы өнөрдүн арты менен катышып жатабыз.

–      Кайсы мамлекеттен өзгөчө таасир алдың?

–      Ар бир мамлекеттин, шаардын өзүнчө бир кооздугу болот эмеспи. Кайсы гана шаарга барбайын, мага өзгөчө таасир берет. Өзгөчө  Брюссель шаарында биздин элчиликтин кеңсеси жайгашкан жерге жетээриң менен эле биздин кыпкызыл желегибиз желбиреп турганын көрүп абдан сыймыктанып, толкундандым. Жалаң ак сөөк адамдар жүргөн жерде кыргыздын желегин кезиктирүү өзгөчө таасир калтырат. Ошол босогодон аттап кирээриң менен эле Чыңгыз Айтматов  атабыздын Брюсселде элчиликте иштеп жүргөндөгү дүйнөнүн жүздөгөн улуу жазуучулары, президенттери менен түшкөн сүрөттөрү илинип турат. Аларды көргөндө ого бетер патриоттуулугуң артып, сыймыктанып, көкүрөгүбүз көтөрүлө түштү. А түгүл көзүңө жаш да алып кетет экенсиң. Негизи эле Брюсселден өзгөчө таасирлендим. Чок ортосунда жайгашкан тарыхый имараттар көздүн жоосун алат. Башка жерди көрүп туруп, биздин мекенибиз өнүкпөй артта калып калганыбыз байкалат экен. Ошол нерсени сезгенде ичимде кандайдыр бир өкүнүч пайда болду. Эмне үчүн кыргыздын чет жакка чыгып жүргөн чыгаан уул-кыздары чет жерди көрүп жүрүп, өз өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн жакшы иштерди жасашпайт деген тыянакка келет экенсиң. Айтайын дегеним, булар 15-кылымда эле укмуштуудай үйлөрдө жашаганын көрөт экенсиң. А бизди салыштырып болбойт. Алардын 15-кылымда салынган имаратына биздин азыр да салынган ага теңдеш имараттар жокко эсе. Гранд-Палас борборунда жайгашкан кичинекей баланын заара кылып жаткан эстелигинин чыгыш тарыхы ар түрдүүчө баяндалып келет. Айтымдарында күйүп жаткан отту же замбиректен атылган окту өчүрүш үчүн бактын үстүнөн заара кылып өлкөгө салым кошкон дешет. Ошол эле баладан ары жакка басканда кийим музейи бар. Ал музейдин ичинде Манекен пистин 800гө жакын кийимдери бар. Кийимдерди ар кайсы өлкөдөн келген президенттер, делегациялар  атайын ошол балага арнап тиктирип келип кийгизип кетишет. Ошол кийимдердин арасында кыргыз кийими да бар. Аны экс-президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин жубайы келип кийгизип  кетиптир. Ошол кийим дагы мага өзгөчө таасирлентти.

–      Эйфель башнясынын жанына баруу көп кыздардын тилеги эмеспи. Сени көрүп суктандык…

–      Париж эми сүйүүнүн, жаштардын шаары деп аталгандыгына байланыштуу, Эйфель мунарасына барганда өзгөчө толкундандым. Сүрөттөн ушунчалык көркөм көрүнчү. Жанына барганда чын эле Эйфель мунарасынын жанында турамбы деген таң калуу сезимдери келди. Бирок тилекке каршы, биз барган учурда жамгыр жаап, асманды булут каптап тургандыгына байланыштуу чокусуна чейин көрүнгөн жок.

–      Мекендештердин мекенге болгон сагынычы сезилип турса керек?

–      Чет жакта сыртта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерибиз бизди ушунчалык жылуу тосуп алышты. Көздөрүнөн мекенге болгон сагынычтары, кусалыгы байкалып турду. Ал гана эмес, комузду көргөндө аз жерден ыйлап жиберейин деген мекендештерибиз да жок эмес экен. Ырдап жатканда берилүү менен, биз менен бирге ырдап, өз тилинде сүйлөп абдан сүйүнүп турушту. Кыргыздар менен кыргызча баарлашуу аларга чоң белек болду окшойт. Себеби жалаң француз, араб, англис тилдеринде баарлашып жүрүп эне тилин абдан катуу сагынышыптыр. Кадимкидей казан асып, кыргыздын ашын басып абдан кубанып турушту.

–      Тилден кантип жатасың? Кыйналган жоксуңбу?

–      “Канча тил билсең ошончо адамсың”, “артык дөөлөт баш жарбайт” дегендей, канча тил болсо ошончонун баарын эле үйрөнүп койгон жакшы экен. Себеби барган жериңде бирөөгө көз каранды болбой эркин баарлашканга, алардын маданиятын билүүгө жакшы өбөлгө болот экен. Мен Кыргыз-түрк Манас   университетинин котормочулук бөлүмүн аяктагандыгыма байланыштуу тилден эч кандай кыйналган жокмун. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барбайлы кыргыздар, алар менен катар түрктөр да көп жайылган. Түрк тили дүйнөдөгү 5-тил болуп саналгандыктан түркчө көбү билишет. Андыктан тил жаатынан кыйналган жокмун. Англис тилин колдонбогондугума байланыштуу бир аз унутуп баратыптырмын. Бирок кайра эстөөгө туура келди.

–      Соңку убакта Түркияга көп барып калдың? Кимдердин чакыруусу менен барып турасың?

–      Туура айтасыз, жакындарым тамашалап: “Сен Бишкек-Кара-Балтага каттаган сыяктуу эле Түркияга каттап калдың го”, – деп тамашалап калышат. Биринчи жолу Түркияга студент кезде окуум менен стажировкага келип кызмат өтөгөм. Андан соң тил билгенимден улам болсо керек, буга кошумча түркчө ырларды көбүрөөк ырдайм, ошого да байланыштуу Туркиядагы Кыргыз достук маданият коому менен тыгыз иштешип келем. Бул жакка ар дайым маданий иш-чараларга жетектөөчү агаларыбыз чакырып турат. Акыркы убакта улам-улам өтүп жаткан көргөзмөлөргө келип жатам. Башында мени көргөндөр казак дешчү. Азыр  бир көргөндө эле кыргыз дешет. Аны менен катар Үмүтай, комуз деген сөздөрдү да билип, таанып калышты. Бул да болсо кыргыз маданиятына кошкон салымым болсо керек деген ойдомун.

–      Бала кездеги кыялдарыңдын канча пайызын орундата алдың? Саякаттоо да кыял болсо керек?

–      Мен негизи эле кыялкеч адаммын. “Жаштын тилегин берет” дегендей, кичинекей кезимде майда-чүйдө нерсеге чейин кыялданчумун. Ырдаганды, комузум экөөбүз дүйнөнү кыдырсак деп кыялданаар элем. А түгүл ошондой ат менен гезитке да чыккам. Ошол тилектер билинбей эле орундалып жаткан учуру. Саякаттоо менен ырчылык кесибимди айкалыштырып дүйнөнүн көп мамлекетин көрдүм. Көпчүлүк кыялдарым орундалып келе жатат. Бир гана кыялым калды, аны жакында билесиздер.

–      Жеке турмушуңа кызыккандар көп болсо керек. Маселен колуңду сурагандар?

–      Ооба, ар дайым элдин көзүндө жүргөндөн кийин биринчи эле “Саламатсызбы, жакшы ырдайт экенсиз, каяктык болосуз?”, – деп сурашат. Андан кийин эле “Бойдоксузбу же бойдок эмессизби”, – деген суроо узатышат. Мен бардыгын ачык айтам. Алинур деген жакшынакай уулдун энесимин, бирок бойдокмун деп айтам. Кээ бири жакшы кабыл алса, кээ бири жаман кабыл алат. Ошого карабастан колумду  сурагандар абдан көп.  Бирок бир жолу сүткө тилимди күйгүзгөндөн кийин, айранды ар дайым үйлөп иче турган болуп калгам. Ошентсе да көзү тунук, адамгерчилиги бийик, келбеттүү, кең далылуу жигитти таппай жүрөм.  Балким айланамда, жанымда эле жүрсө керек. Анын үстүнө азыр чыгармачылыгыма басым жасап жаткандыктан айланымдагыларды байкабай да калышым ыктымал. Чындап эле мен эңсеген жигит алдымдан чыгып калса, эч нерсени ойлонбой туруп турмушка чыкмакмын.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *