Унааларды каттоо үчүн жана айдоочулук күбөлүк алуу сынагын тапшыруу үчүн пара алган жаран кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн оперативдик-издөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын унаа каттоо жана айдоочулук курамынын бөлүмүндөгү коррупциялыкк схема ачыкталды.

2018-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313, 313-1, 304,314-беренелеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын унаа каттоо жана айдоочулук курамынын бөлүмүнүн жетекчиси А.Н кармалган.

Шектүү А.Н жеке материалдык абалын жакшыртуу максатында КРнын жарандарынан унаа каттоо үчүн акча каражаттарын чогултканы, жана авто мектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыруу учурунда пара алганга туруктуу коррупциялыкк схема түзгөнү аныкталган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө жүрүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *