Уран калдыктарынын дагыле Борбор Азияда кесепети күч!

Англиянын башкалаасы Лондон шаарында Европа реконструкция жана өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБдүн) Борбор Азиядагы уран калдыктарын жана анын кесепеттерин жоюу маселесин орой-чарай талкуулаган атайын конференциясы ишин аяктады. Соңунда Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу долбооруна дагы 10 миллион евро ажыратты.

Тээ Совет доорунда Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыктары Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарына жайгаштырылып, көмүлгөн. Анткени, аталган калаада “Кансыз согуш” жылдарында, тактап айтканда, 1946-жылдан тартып дээрлик жыйырма эки жыл бою эки гидрометаллургиялык завод үзгүлтүксүз иштеп, жалаң гана уран өндүрүп турган. Ишкана 1968-жылы гана биротоло жабылган. Тилекке каршы, бул аймакка жакын көмүлгөн радиоактивдүү калдыктар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө дагыле олуттуу коркунуч туудуруп жаткан чагы. Эң опурталдуусу: бул жолку коркунучтун чындап эле алкагы кең жана абдан чоң! Буга дейре эл аралык донорлордун жардамы аркасында суу жээктериндеги өтө кооптуу эсептелинген калдыктардын чоң түрмөгү жылдырылып, коопсуз жайга көмүлгөн эле.

Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын май айында Европа Парламентинин өкүлдөрү кирген үлкөн топ Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган аймактарды барып жеринде өз көзү менен көрүштү.

– Аткарыла турган иштердин эң эле маанилүүсү – уран калдыктары сакталган аймактарды туруктуу байырлашкан калкты толук кандуу маалымат менен камсыздоо. Көрдүңүздөр го, мурда бул жерлер атайын тегерете тосмолонгон экен. А азыр булардын бири дагы жок! Ошол себептүү, биринчиден, радиоактивдүү калдыктар жашырылган жайлар туурасында элге кенен-чонон түшүндүрмө берүү кажет! Экинчиден, аймактардын радиоактивдүүлүк өлкөчү абдан так аныкталуусу абзел! Акырында гана табият кырсыктары күтүлгөн, сууга абдан жакын жерлерден уран калдыктары токтосуз түрдө жылдырылышы керек! – деп тызылдады Европарламенттин депутаты Мишель Ривази.

Эколог Ашир Абдуллаев мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектеним, сакталган уран калдыктары үчүн жооп берчү.

– Карасаңыздар, радиоактивдүү уран калдыктары сакталган жайда малдар, кой-эчкилер беймарал эле жайылып жүрүшөт, – деп ыйлактады Ашир Абдуллаев. – Бул малдардын баары тең чекесинен ууланган жем-чөптөрдү гана жеп жатышат. Анан булардын сүтүн биз, адамдар, байма-бай ичип атабыз. Экинчи баш оорутма: бардык уран калдыктары көмүлгөн жайлар дарыялардын бойлорунда гана жайланышкан. Кокус чоң сел каптаса, же капысынан жер көчкү жүрсө, булардын баары тең сууга аралашып, мунун азабын Кыргызстан гана эмес, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан дагы куп тартат!

Мындай кооптонууну Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын өкүлү Рахман Тойчиев дагы кубаттады: “Мен жаңыдан эле төрөлүшкөн наристелердин саламатчылыгын бир топ жылдардан бери изилдеп келатам. Натыйжада пацинеттен урандын жогорку концентрациясын (аралашмасын) таптым. Чернобыль Атомдук Электр Станциясы катастрофага кабылганда, ал жерде жашагандарга йод аралашкан дары-дармектерди тынымсыз берип турушкан. А Майлуу-Сууда деле бүгүн кудум ушундай эле акыбал! Бул аймакты байырлагандардын дээрлик 98 пайызы бөйрөк жана башка опурталдуу дарттар менен оорушат экен”. Мындай кырдаалды Кыргыз бийлиги деле эч танбайт.

Маселен, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл аралык донорлордун бийик трибунасында Борбор Азиядагы айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар өлкөлордүн үчүнчү Ассамблеясында бардык мамлекеттерди бул өңүттө тилектештикке үндөдү: “-Кыргызстанда Эл аралык донорлордун өнөктөштөрдүн түздөн-түз колдоосу аркасында айлана чөйрөгө кесепети күч жайларды бүт иликтедик. Натыйжада мындай кырсыктардын алдын ала четтетүүнү каржылоону Европа Биримдиги өз мойнуна алды. Азырынча 10 миллион евро бөлүндү. Мынча каражат уран калдыктары сакталган
жайлардагы жети аймактын экологиялык кырсыктарын алдын алууга, зыяндарды гана кыйла азайтууга жумшалат. Буга дейре Европа Биримдиги 16 миллион евро берген. Адистердин баамында, аймактагы элге жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудуруш уулуу заттардын көлөмү дээрлик бир миллиард тоннадан ашат. Эми Европа реконструкция жана өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) он миллион еврону Борбор Азиянын Фергана өрөөнүндө жайгашкан үч өлкөсүнө зарылчылыгына жараша бөлүштүрөт.

Айтмакчы, Кыргызстанда уран калдыктары Миң-Куш, Шакафтар жана Майлуу аймактарында көмүлгөн. Эми буларды зыянсыздандыруу үчүн дагы олчойгон каражаттар керектелет. Аны кантип табабыз? Бул жөнүндө кеп өзүнчө…

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *