Үркүндүн 100 жылдыгына арналган тасма

“Үркүн” тасмасын   кѳргѳнү бара  жатып  падышалык Орусиянын  кутурган жеке бийлигинин  баскынчылык саясаты, 1916 -жылда кыргыз элине  кѳрсѳткѳн    кордугу, жазалоочу  отряддардын   куу сүрѳѳнүнѳн, ажал бүрккѳн огунан, кар  тозоңун   сапырып күрткү басып, бороону буюктурган бийик ашуу куу жондо тайгаланып туңгуюкка  кулап, кѳчкү  астында  калып, жаракаларга  түшүп кетип оторчулук саясаттын баскынчыларынын  кесепетинен боо-боо түшүп кырылган кыргыздар жѳнүндѳ  уккан,  билгендерим, кѳкүрѳк  сыздатып,  каңырык  түтѳткѳн  улут трагедиясы эсиме  түштү. Эгерде Лениндин Улуу  Октябрь революциясынын  таңы  атпаганда падышалык жеке бийликтин кутурган  “дѳбѳттѳрү”  кыргыздарды тукум курут  кылып коюудан таюу тартмак эмес. Ошондуктан,  үркүн жѳнүндѳ, тагыраак айтканда кыргын жѳнүндѳ т алгачкы тасма кандай тартылды экен деген ой  кѳңүлүмдѳн кетпей турду. Үркүн   жѳнүндѳ  алгач  бала кезимде ( бала  чагы Тоң районундагы Бѳкѳмбаев  айылында ѳткѳн)  апам Кубатбек кызы Зарылбүбүнүн  айтып берген аңгемелери, эсейгенден кийин, кийинчерээк бул каргашалуу окуя жѳнүндѳ алган  тарыхый маалыматтар, кѳркѳм чыгармалардан окугандарым  кѳз алдымдан  сызылып  ѳттү. Үркүн трагедиясы жѳнүндѳ алгачкы тасма  кандай тартылды экен деген ой кѳңүлүмдѳн кетпей турду.

…Кино зал элге жыкжыйма толду. Кѳрүүчүлѳр   кино эмес эле үркүндѳ кыргыз элинин тарткан  кордугун, ошол апааттын  азап- тозогунун ѳзүн   кѳргѳндѳй  болуп тымтырс олтурушту. Тасманы кѳрүп олтуруп  кѳзүмдүн  карегинен  жаш имерилди.  Айрым  кѳрүүчүлѳрдүн жашыганы, бышактап ыйлаганы, үшкүрүнгѳнү, күрсүнгѳнү  угулуп  турду.   Кинонун күчүн ушундан билиңиз. Чоң экранда  кыргыз элинин 1916-жылдагы  тарткан   азап-тозогу,  кѳргѳн  кордугу, аесуз кырылганы   кѳз алдыга тартылып  турган. Мына ушунун   ѳзү  эле кинонун ийгиликтүү  тартылгандыгынын  далили  болуп  турат. Актерлор менен актрисалардын, продссер  менен режиссордун,  демѳѳрчүлѳрдүн, жалпысынан эле чыгармачыл жамааттын, киного  тартылгандардын  баарынын   мээнети кайтыптыр деп айтсак болот.

Үркүн жѳнүндѳгү  алгачкы тасманы  тартууга Эл аралык  Саякбай  фонду башкы демѳѳрчү болгон. Бир жолу ушул фонддун директору Самат Ибраевдин “ Үркүн” киносун тартуу маселеси боюнча  алыста жүрѳм деп айтканы эсиме түштү. Ошондо  чоң жоопкерчиликти  аркалап жүргѳнүн,  азыр эмгеги акталып, мээнет үзүрүн кѳрүп  жатканын  сезип турдум.

-Үркүн жѳнүндѳгү  алгачкы тасманы тартуу оңой-олтоң болгон жок,- деп айтты  фильмдин продссери Муктар Атаналиев. Кинону тартууга катышкандар кѳптѳгѳн   кыйынчылыктарды биргелешип, ынтымак менен  жеңип чыгышты. Ага 100 миң доллардын тегерегинде  каражат жумшалды.  (Эми  дагы бир кези келгенде каражат жѳнүндѳ,  жалпысынан эле жардам уюштургандар туурасында кененирээк айтып берермин.) Кейипкерлерди ойноого 50 гѳ  жакын актер   тартылып,  миңге  жакын   адам катышты. Кино тартуунун  ѳзүнчѳ классикалык жолу болот. Биз ошол нукту тандап алдык. Бул  ѳзгѳчѳ чеберчиликти жана изденүүнү  талап кылат. Муну кино тартуу искусствосунун бай тажрыйбасы да   далилдеп турат.

Тарыхтагы чоң трагедияны   азын-оолак  актерлордун жана  аз  гана кѳпчүлүктүн катышуусу менен   призмадан  чагылтып кѳрсѳтѳ билүүнүн чоң чеберчилик жандаган  ѳзүнчѳ жолу  жана  терең  сыры болот. Шүүдүрүмдѳн дүйнѳ чагылгандай бул тасмадан да үркүн трагедиясы айкын кѳрүнүп турат.  Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” повестинин негизинде кандай кино тартылганын  жакшы билесиздер да.  Катаал  табият менен адам баласынын  күрѳшү эң бир реалдуу берилген. “Кош түбѳлүк, куралым” романынын   айдыңында  тартылган  кинодо  адамзатынын түбѳлүк кѳйгѳйү болуп келаткан согуш жана тынчтык маселеси эң бир ишенимдүү да таасирдүү  да козголуп турбайбы.  Бул тасмалардын каармандары кимдер экенин жакшы билесиздер  да.  Анда кѳптѳгѳн эл, ондогон актерлер катышкан эмес.  А бирок, адамзатын эзелтен  сыздатып келаткан азаптуу кѳйгѳй таасын чагылдырылган. Арийне, кѳрѳрмандын интиуциясы кѳптѳгѳн нерсени туюунуп, кабылдап  турат.

Адатта бүткѳн ишке сынчы кѳп болот. Элибизде  “сынчынын  сыңар ѳтүгү майрык” деген накыл кеп бар. Алгач  үркүн жѳнүндѳ  кино тартып  кѳрүп, сынын анан  айтышсын. Калыс айтылган  пикирдин жѳнү башка. Пенде болгондон  кийин болбойт экенбиз да.  Жумурткадан кыр чыгарып, пилди кумурска деп  кылдан кыйкым издеп турабыз. Анткеним ,  ар кандай сын  айтып тургандар четтен чыгууда. Албетте, сынды  кабыл алабыз, бирок акыйкатын гана.  Ѳткѳндѳ бир кѳрѳрмандын  үркүн  маселесине бир айылдын эле эли тартылыптыр. Кѳбүрѳк катыштырышса, мындан да күчтүү эпизоддорду  тартышса болмок деп айтканын угуп калдым.  Айткан оюна кошулам,  үркүн  трагедиясы   жалпы эле адамзат трагедиясы  менен  үндѳшүп турат. Бирок,  андай зор эпопеяны тартуу үчүн  жүз миңдеген, миилиондогон каражат талап кылынарын унутпайлы.  Аз каражат менен  жакшы кино тартууга боло тургандыгын биз далилдедик. Кѳп эл катыштырбай эле чоң кѳйгѳйдү, адамзат трагедиясын  чагылтууга боло турганын жогорудагы мисалда  айтып ѳттүк.

Кинонун кандай тартылганына эл ѳзү тараза болуп  берер. Бул  алгачкы тасма  үркүн темасын   чагылтууда биз үчүн старттык аянтча болуп калды деп айтсак болот. Буйруса, келечекте  каржы-каражат жагы жарашса бул каргашалуу кыргын окуясы боюнча дүйнѳ  дүңгүрѳтѳр  зор тасма  тартабыз  деген  үмүттѳбүз.

-Кинону тартууда кѳптѳгѳн  кыйынчылыктар болду,- деп  айтты режиссор  Медин Үчкеев.  Алардын айрымдарын айтып койбосок да болбойт.  Ойлоп кѳрсѳңүз, кар тозоңун учурган кычыраган  суукта,  татаал  ашуу  куу  жондо жанын оозуна тиштеп, тамак-ашы жок илкип-калкып, ачкачылыктын  кээрин тартып жан таслим болуп жаткандарды, бир эсе сѳѳктѳн ѳткѳн суукка тоңуп ѳлгѳндѳрдү, жазалоочу  отряддардын огунан кырылгандарды,  ара жолдо жан бергендерин корумдап калтырып, кѳмүлбѳй карга, кузгунга, ач карышкырларга жем болуп калгандарын да  кошо кѳрсѳтүп,   качып бараткан элдин азабын кѳз алдыга келтирүү,  бѳтѳн эл,  бѳлѳк  жерге  баш  паана  издеп барып кор болгон  кайран  элдин азабы  менен  арманын, күйүтү менен  жоктоосун  тартып,  чагылтып берүү  оңойго  турган жок.   20  градустун ары бери жагында  кыш  ызгаары кычырап бети, колду  каарып  турду. Жолу татаал да, катаал да  опурталдуу ашуудагы ак кар кѳк муз баскан жалтаңдардагы үрѳй учурган эпизоддорду ѳзүндѳй кылып ишенимдүү тартуу кѳптѳгѳн машакатты жаратты.  Ызгаар  суукта  камералар тоңуп  калып  жатты.   Айласын  таап тартып  турдук. Коммуникациясы келишкен шаарда жашаган, жылуу-жумшак кабинеттерде иштеген актерлорубуздун, жалпысынан эле киного тартылган элдин мындай катаал шартка кѳнүп, образ жаратышы да оңойго турбады. Бардыгыбыз кыйын шартка кѳнүп, ата-бабаларыбыздын  үркүндѳ  тарткан  кордугун эсибизге  түшүрүп, ѳз ара тил табышып, чыдамкайлык менен  изденип иштедик.   Жамааттын   биргелешкен  ынтымактуу аракетинин  аркасында  элдин купулуна  толгон “Үркүн” тасмасы  жаралды. 1916-жылы  Үркүндѳ ата-бабаларыбыз ушундай кордук кѳѳргѳн тура деген ой сай-сѳѳгүбүздү какшатып, алардын тарткан азабын ѳзүндѳй кылып тасмага  түшүрѳбүз деп жан дүйнѳбүз сыздап, каңырыгыбыз түтѳп турганын  айтып жеткире  албасмын.

Мединдин айтканы тасмага тартуудагы кыйынчылыктын бир  гана  үзүмү. Ошону менен  катар эң негизги лейтмотиви деп айтсак болот.

Тасма кѳрсѳтүлгѳндѳн  кийин айрым кѳрүүчүлѳр  ѳздѳрүнүн ой-пикирлерин айтып, чынында эле  кинонун  чоң  чеберчилик менен  мыкты тартылганын  ѳз мисалдарын   келтирип баса белгилеп   айтышты. Үркүндүн   100  жылдыгына  карата “Үркүн” тасмасын  каржылоону толук колуна алган “Саякбай  манасчы”  эл аралык коомдук  фондунун  директору Самат Ибраевдин,  ошондой  эле жеке ишкерлер Нурбек Айбашов менен Болот Берикбаевдин азаматтык иштерин кыргыз эли эч качан унутпайт. Алардын  үркүн трагедиясы жѳнүндѳгү  алгачкы тасманы тартууга мекенчилдик жигери  менен демѳѳрчүлүгү ата-бабалардын  уркун сүйүнткѳн эрдикке тете болуп калды. Жүз жылдан бери  туңгуюктан чыга албай тереңде буюугуп  келген кыргыз трагедиясынын жүзүн ачып  тастыктап, алгачкы  тасманы тартуу тагдыры ушул азаматтардын энчисине туш келди.  Аларды ата-бабаларыбыздын урку колдосун! Иши илгерилеп, ѳркѳнү ѳсүп, эл-журттун  бали деген! алкышы  менен ыраазычылыгы коштой чаап турсун!  Буйруганын дагы кѳрѳ жатарбыз.

“Үркүн”  боюнча тартылган алгачкы тасма падышалык жеке бийликтин   кутурган саясатын,  андан кыргыз элинин  тарткан азап кордугун алаканга  салгандай  кѳз алдыга   тартып койду. Бул тасманы  тарткан азаматтар  мындан ары да  шарты келишип чоң  каражат табылса  1916-жылдагы  кыргын окуясы жѳнүндѳ эпопея  да    тарта алат деген  ишеним  артты.

Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек  Атамбаевдин  жарлыгы менен тарых жана маданият жылы деп аталган  жылда  1916-жылдагы  кыргыз  трагедиясын  эң алгачкы карлыгач болуп таасын  жана таланттуу чагылтып кѳрсѳткѳн “Үркүн” тасмасы ушул тарыхый окуянын 100  жылдыгына  карата   Токтогул  атындагы  мамлекеттик сыйлыкка сунушталса  абдан калыс чечим болмок.  Ал ага татыктуу.  Тарыхы  жок  эл  болбойт. Ажобуздун жарлыгы ачаат ачты.  Анын шарапаты тийди деп айтсак болот. Ѳткѳнүбүздү  урматтасак келечегибиз кең болор.

…Дүйнѳдѳ согуш  ааламаты токтобой,    кээ бир мамлекеттер   ортосунда ѳз ара тирешүү, баскынчылык күчѳп, терроризм кутуруп тынч тирилигин ѳткѳрүп жаткан кѳптѳгѳн  карапайым  эл  кыргынга тушугуп, бүткүл адамзатынын  үрѳйүн  учурган окуялар башбактап  турган    чакта   анын     кесепеттеринин коркунучтуу  болорун эскертип, трагедиянын   алдын  алуу  үчүн  тынчсыздануу  коңгуроосун  кагып турган чыгарма  катары да   “Үркүн”  тарыхый   кѳркѳм тасмасы эл аралык Оскар сыйлыгына да татыктуу экени кашкайып эле кѳрүнүп турат. Ѳзүбүздү ѳзүбүз  кѳтѳрбѳсѳк бизди ким кѳтѳрмѳлѳйт.

Меңдибек  Асылбеков

Булак: Фабула 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *