Үркүнгө 100 жыл: Тарыхтан таш баян же өмүр көчү улантылууда

Үркүн шейиттерине, дегеле Ата-Журт тарыхына арнап эстелик тургузуу биздин аталардын, “Асылбаштын эр азаматымын” дегендердин көкүрөгүндө көптөн бери уюп келаткан руханий көрөңгө экенин бир, эки мисал. Ата Мекендик согуштагы эрдиги үчүн “Согуштук Даңк” ордени менен сыйланган, кан майдандан жарадар болуп кайткан Асаналы Усубалиев аксакалды курбалдаштары түз эле “жинди Асаналы” дешсе, келин-кесектер ыйбаалык менен “Алаңкөз атабыз” дешип тергешерин далай эле укканым эсимде. Ошол балалыктын кайсы бир учурунда (болжолу, 1960-жылдардын ортосу, “Жеңиш 20” майрамында) аталар, аксакалдар айыл четиндеги дөңсөөгө чогулуп, өткөн-кеткенден кеп сала, Үркүнгө байланыштуу да бир нерсе жасоо жөнүндө учкай сөз айтышкан. Ошол жайдын август кечтеринин биринде айылдаш агалар аталардын айтканына муюп:

–Жеңиш урматына салынып жаткан эстеликтерден кем эмес, керек болсо андан да ашыра жасаса неге болбосун?! – дешип, жаштык эргүүлөрүнө шыктанган сезимдерин билдиргенде, Асаналы аксакал:

–“Ай, атаңдын оозун урайындар десе, сүйлөсөңөр баардыгыңар асманга чыгасыңар. Темир, коло же бетон дебей эле жерге түшкүлө. Кыялыңар менен көктө калкыбай көк чөптүн үстү менен бассаңар боло… Ой, тиги Кашка-Суу менен Шаабайдан, андан ары десеңер Ак-Суу өзөнүндөгү аска таштардан эле эстелик тургузгула. Байыркы бабалар деле балбал же башка таштардан эң укмуш эскерткичтерди коюп кеткенин билбейсиңерби?!” – деп ачуусу келе бакылдаганы кулакта жаңыра, көздөрү алаңдап кеткени дале жадымда.

Ошол атабыздын айтканы жана мектепте окуган Үркүн жөнүндөгү адабияттар таасир эттиби же тарыхка болгон таазим күчтүүбү, айтор, адабият менен тарых жан дүйнөмө куш канатындай кубат берип келет. Ажардын аялуу тагдырын 5-класста окуган соң, аягы жакшылык менен бүтөр деген үмүттө 7-8-класста адабият китебинен издегенимчи… “Үркүн 75” 1991-жылдагы демократиялык ой толкундарына дал келип, тарыхтын көмүскө калган түркүн булактарын ачууга алгачкы жагдай, жүйөө шарттар түзүлө баштаган. Жол кырсыгынан катуу жабырланган уулум Сыргакты Москвадагы ооруканадан операция жасатууга алып барганда китеп художниги Бек Жайчыбековдун жардамы менен 1916-жылга тиешелүү, болгондо да “Документы и материалы по истории народов СССР” сериясында 1937-жылы Москвада жарык көргөн “Восстание 1916-года в Киргизстане” аттуу документтер жана материалдар жыйнагын тапканымда кубанганымды айтпа?! Жыйнакты түзүп, басууга даярдаган Л.В.Леснаянын маанилүү эмгеги уулумдун көз акысына келген шекилденет эми ойлосом. Ашыкча кетсем Алла Тааладан райым болор.

Ошентип, ал китепти Бишкекке кайтып келген соң, өзүм иштеген “Кыргызстан” басмасынын саясый адабияттар редакциясы аркылуу чыгаруу үчүн тажрыйбалуу редактор, тарыхчы-философ Тайлак Абдылдабеков агага котортуп, “Үркүн 75”ке карата чыгарууга аракеттендик.

…Бирок, убакыт чукул болгондуктан жана басма-полиграфия тармагында бул басылманы чыгаруу мурда планга киргизилбегендиктен, эң башкысы ал убакта ҮРКҮН тематикасына жол анчалык ачык болбогондуктан, жыйнакты ал жылы чыгарууга жетишпедик…

Көрсө, ар нерсенин өз учуру, бүтөр сааты болот турбайбы… Көп узабай ГКЧП (быкы-чыкы) болуп, андан соң СССР деген зор мамлекетибизди, дүйнөдөгү тынчтыктын тиреги, ааламдагы экинин бири экенине карабай “Эсил кайран” деп жоктоп отуруп калдык…

Орто Азиядагы эң чоң китеп фабрикасы саналган “Кыргызполиграфкомбинаты” начарлап, “Мектеп”, “Кыргызстан, “Адабият” деген республикалык басмалар да акырындап экономикалык кризиске чөмүлө, жоюла баштады. Ошентип, алтымыш жылдык тарыхы бар “Кыргызмамбас” тармагы СССР менен кошо жоюлуп, китеп жааты менчик басмалар менен басмаканалардын пайда болуусун шарттады. Ал эми 2016-жылдын 30-сентябрында “Кыргызмамбастын” же кыргыз китебинин 90 жылдык мааракесине маани берчүлөр бар болду бекен..?!

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРи Кыргыз Республикасы катары өз эркиндигин жарыялаган соң, эгемен мамлекеттин эң биринчи сасий жана маданий бетачары болуп тарыхка жазылып калган “Манас” эпосунун миң жылдыгын өткөрүү демилгеси кайрадан колго алынды (1947-жылы белгиленмек болуп, бирок, саясый кырдаалдан улам, аны изилдегендер куугунтукталган). 1993-жылдан баштап “Манас 1000” мамлекеттик дирекциясынын басма жана маалымат иштерин жетектеп иштей баштагандан тарта баягы Үркүн боюнча басылманы чыгарууну көздөдүм. Ошентип, “ҮРКҮН 80”ге карата дирекциянын “Мурас” илимий ишкер долбоору тарабынан миң нускада жарык көрдү. Бул иште көмөктөшкөн Шеримбек Шаршеевге, Аблабек Асанкановго ыраазычылык китептин кириш сөзүндө айтылган. Аталган архивдик документтер жыйнагын элдик көтөрүлүштүн катышуучулары жана күбөлөрүнүн эскерүүлөрү менен толуктап чыгарууга тарых илимдеринин доктору, академиянын колжазмалар фондунун жетекчиси, көрүнүктүү окумуштуу Өмүркул Караев, тарых институнун илимий кызматкери Мистегүл Махмутбекова зор салым кошушкан. Эскерүүлөрдөн тышкары архивдик жана 1991-жылы Сокулуктун Асылбаш айылынан башталган “Өмүр көчү” жүрүшүн чагылдырган фотолор менен толукталган басылма 1916-жыл боюнча соңку жыйырма жылдагы негизги илимий-популярдык булакка айланганын мезгил ырастады. Ал эми ушул басылмага негиз болгон Лесная түзгөн архивдик документтер жыйнагын өзү иштеген Москванын Менделеев атындагы химия-технология институттун китепканасынан таап келип, сунуштаган А.Акылакуновага кыргыз тарыхынын күйөрмандары атынан ыраазычылык билдириш милдетибиз. Орус тилиндеги басылмада энчилүү аттарга байланыштуу тактоолорду киргизүүгө, жалпы эле илимий кеңешин айтууда атактуу аалым Кушбек Үсөнбаев агай да салымын кошконун өткөн чак менен эскерүүгө туура келип отурат. 1916-жылкы Кыргызстандагы көтөрүлүш жыйнагы “ҮРКҮН 100” урматына карата орус тилинде да басылмакчы. Ал эми кыргыз тилинде экинчи ирет басылышы көптөгөн толуктоолор менен жарык көрмөкчү. Ушул жыйнактын биринчи басылмасы 1996-жылы чыкканда Абдыкерим жазган саптар:

Кылымдын ишин бүтүрүп,

Казыбаев келет жүгүрүп.

Пиримдин ишин бүтүрүп,

Памирбек келет жүгүрүп.

Шордуу кыргыз түңүлүп,

Шоморуп жүрөт күйүгүп.

Ал кезде Абдыкерим Муратов, Айдарбек Сарманбетов жана Табылды Асыгалиев, Рыспек Исаков биринчи эл аралык Кыргыз-түрк “Заман Кыргызстан” гезитинде иштеп жүргөнбүз.

Памирбек Казыбаев, “Элдердин Достугу” ордендүү

мурдагы “Кыргызстан” басмасынын редактору,

Тел: 0550 48-24-48, 66-19-48

 

P.S. «ҮРКҮН 75»ке арналган «Өмүр көчү» жөө жүрүшү КДК, «Ажар» сыяктуу алгачкы демократиялык кыймылдардын, коомдордун демилгесинде жана П.Казыбаевдин сунушу Асылбаш элинин колдоосу менен 1991-жылы 3-июлда башталып, Чүй, Ысык-Көл жана Теңир-Тоо тарапка чейин уланган. Ошол жүрүштө каражат чогултуп, Бишкекте эстелик тургузулмак. 4,5га жер да бөлүнгөнү менен жогоруда аталган демократтар, коомдор ынтымагы ыдырап, жайнаган партияларга айланып кеткендиктенби, «ҮРКҮН. 1916» деген жазуусу бар таш эстелик менен гана чектелишти. Бөлүнгөн жер пайдаланбагандыктан айланасына курулуштар түшүп, ал турмак ҮРКҮН сөзү «элдик эркиндик көтөрүлүш» деп алмашылды…

Кубакы ашуусуна кайрылыштагы «Ажар» эстелик-комплексинин азыркы абалы деле дурус эмес. 2003-жылы башталган иш аягына чыкпай, арабөк калды. Болбосо, Ажар эстелиги менен К.Баялиновдун барельефи орнотулуп, айланасы тосмолонуп коюлса «ҮРКҮН 100»дө жүзүбүз жарык болбойт беле?.. Дагы шүгүр дейли. Президент А.Атамбаев атайын долбоор менен Ата-Бейитке Азаттык эстелигин койдуртуп жатканы жана 1916-жыл боюнча атайын жарлык чыгартканы Борбор Азиянын калган мамлекет башчыларынын намысына тийбесе да өзүбүздүн обу жок бакырчаактардын жаагын басты. Ал эми Асылбаштагы «Тарыхтан таш баян» элдик эстутум эстелиги «ҮРКҮН 100»- «ӨМҮР КӨЧҮ» автожүрүшүнө руханий уютку болгонуна арбактар, Алла Таала ыраазы болсун.

ТАРЫХТАН ТАШ БАЯН

 “Тарыхтан таш баян” элдик эстутум-эстелиги Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургундары тарабынан “Тарых жана маданият” жылында “ҮРКҮН 100” урматына тургузулууда.

Эстеликти куруу жана долбоор демилгечиси: Казыбаев Памирбек Шомор уулу.

Башкы архитектору: Иманкулов Жумамедел Жумабаевич.

Башкы сүрөөнчү-демөөрчүлөр: Сатаров Бекназар, Алымбеков Муса, Малабаев Аргынбек.

Таштарга кыргыз тарыхындагы маанилүү окуялар менен атактуу айрым инсандардын ысымдары жазылмакчы. Эстутум эстелик эгемендик урматына арналмакчы.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *