Урмат Барыктабасов, президенттикке экс-талапкер: Мен Нурсултан Назарбаев менен кантип таанышкам жана анын командасына кандайча кошулгам…

КР президенттигине экс-талапкер Урмат Барыктабасов бүгүн, 22-февралда өзүнүн Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасына дагы бир жаңы пост жазды:

“Ай туугандар, чыдабай кеттим, бөлүшөйүнчү…  эртеңкиге чейиин күтүп отурамбы… Эртең майрам турбайбы..
90-жылдардын аягы го, эсимде жок мага бир казак балдар чыкты.
“Урмат, казактын президентинин резиденциясына (Корумдудагы) бир курулуш жасай койуш керек… аябай зарыл… убакыт да жок, чоң саммит болгон атат” деп.
Анда Акаев президент болчу.
“Маселе жок, келгиле сүйлөшөлү” дедим.
Эртеси самолет менен учуп келишти.
“Аян” деген клубум бар эле ошол жерден дасторкон жайып тосуп алайын деп камынып атам.
Казактар келди. Сүйлөштүк.. Тамак ичип алып Чолпон-Атага учтук.
Курулушун көрдүм… “Убакыт аз, бирок бүтүрүп берем” деп убадалаштык. Эки ай эле убакытым бар болчу.
Акчасын деле сүйлөшкөн жокмун. Бирок жоопкерчилик чоң болчу…  Бүт президенттер келмек.
Балдарды чогултуп, баштагыла, деп ишти баштадык.
Курулуш иштери күнү-түнү кызып иштеп, бүтөйүн деп калды.
Үч күн калганда уйку жок иштедик. 6-июлда саммит.
5-июлда күн кечкирип калган, бирок күн бата элек болчу. Мен эшиктин терезелерин тазалап аткам, бетим бүт краска болчу… чачым водоэмулсионка… бутумда сланцы… кийимим да кир эле.
Эртеңкиге бүтүрүш керек деп чамынып атканбыз. Алматыдагы “Анкара” отелдин ресторанынын кызматкерлери келип жайгаша баштады. Ызы чуу… поварлар быяктан… мебель алып келгендер тиги жактан… вообщем ызы-чуу болуп аткан..
Бир убакытта эшикти бирөө ачты… колумда тряпка…
Карасам маңдайымда Нурсултан Абишевич турат. Жүрөк “солк” этти. Колумду жамбашыма сүртүп, бере калдым, “салам алейкум!” деп жибердим шашкалактап. ..
Темиркан ага айта салды “ушул бала салды ушуларды… мыкты иштейт экен… бир жыл сала турчу нерсени эки айда бүтүрдү… тигилер салбай жата бериптир” деп казактардын курулуш компаниясын айтып өттү.
Ажоо мени карап “не өзүң иштеп жүрөсүң, деректир болсоң?” деп суроо берди.
Мен “балдар жетишпей жатышат, ошон үчүн иштеп жатам, өзүм да турганды жаман көрөм” десем күлдү.
Артынан алматынын мэри Храпунов кирип келди… залда эл жайнап эле калды. Баарын кыдырып баштады.
Төргө өттү… “Бул жерге Ельцин отурат, бул жерге бул отурат” деп бөлүштүрдү..
Мягкий мебель да койулуп калган…”тазабы?” деп сурады… “таза” деп жибериптирмин шашкалактап… анан көйнөгүмдү чече салып, мебельди сүрө калдым..
Ажо жылмайып койуп отурду..
Баары турат..
Ажо мени “отурчу” деп… сурап баштады “кайдан болосун? эмне иш кыласын? атаң барбы, энең барбы?” деп… жооп берип отурдум..Жонуман тер кетти..
“Демек ишти жакшы көрөт экенсиң” деди мени карап…
“Ооба, жакшы көрөм, чон атам уста болчу, боз үй жасайт, анын атасы да темир уста болчу” деп айтып жибердим.
Темирканды карады, Храпуновду карады… анан менден орусча сурады..
“Хочешь с нами работать?” деп.
Мен сүйүнүп кетип “С вами работать – моя мечта”, десем баары күлдү…
Темирканга карап туруп Ажо минтип айтты:”Бул баланы колдон чыгарбагыла, иш бергиле”, деди.
“Алматыдан үй бергиле, офис бергиле, машинең барбы?” деди эле “бар” деп айта салдым.
Сыртка чыксам балдар “машине жок, деп айтпайсынбы, машине да бермек” деп айтышты.
Мен “машине турса кантип жок деп айтмак элем”, деп “бурк” эттим.
Ошону менен командага кошулдум.
Сыртка чыгып алып сүйүнгөнүмдү айт..
Мына ушинтип чоң иштердин сапары башталды…
Эгер мен кычырап карап турганда мага мындай сый-урмат көргөзүлбойт эле…
“Менменсинген бир кыргыз экен” деп коймок да.
Казакстанда жүрүп көп тажрыйба топтодум..
Ажосу мудрый Адам.
Жөнөкөйлүктүн пайдасы ушул туугандар…”

Урмат Барыктабасов

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *