Үсөн Касыбеков: Жасакерлик менен карөзгөйлүк

Үсөн Касыбеков

Айтпаса жалганбы, кыргыз тилиндеги гезиттер азыр ушак-айыӊ, чагым, божомол-дөдөмөл, бурмалоо, жалган жалаа жабуу сыяктанган медиажугунду төккөн чуӊкурга айланды. Сезгенген фантазиясына жетеленип катын ушак таратып ойду-тоону жазып тамтаӊдай берүүнү кадыресе журналистика деп атап калган мезгил келип жетти десек ашкере болбос эле.

Олуттуу журналисттердин ордун медиасойкулар ээлеп алган учур. Азыр атка минерлердин жасакер жазмакерлеринин мөөрөйү үстөм. Арзымат журналисттердин күнү тууду. Журналисттердин чоӊдорго куйругун шыйпаӊдаткан тилемчилиги эрөөн-терөөн болбой калды. Көбү жасакерлик менен же кайыр суроо менен күн өткөрүп калышкан.

Башкасын айтпаганда да, «Де-Факто» гезитинин шыптыкашка журналистиндей болуп экс-президенттин соӊку пресс-конференциясында кезектеги суроо берүүнүн ордуна тилемчиге окшоп кайыр сурагансып президент Алмазбек Атамбаевдин кол саатын чечтирип алган жоругун кээ бирөөлөр эрдик деп эсептегенин эмнеге татыйт дейсиз? Шермендечиликтин жеткен чеги.

«Кара карга өӊдөнүп каркылдаган айтылуу Арзымат» анын алдында шоона эшпей калды. Журналисттин тилемчилиги Орусиянын телеканалдары аркылуу бүт постсоветтик өлкөлөргө көрсөтүлүп, ал журналисттин гана эмес, жалпы кыргыз журпналистикасынын абийири айрандай төгүлүп жатканына карабай, социалдык тармактарда аны айрымдар: «Эч бир тартынып, жалтанып койбогон азамат турбайбы», – деп баа бергенге чейин жетпедиби.

Ошондо «аятоллага» айланып бараткан президент баштаган азыркы бийликке жагынган бийликтин малайлары уят-сыйыт менен абийир дегенди жыйыштырып таштаган мыркымбайларга биротоло айланып кеткенине дагы бир жолу көзүӊ жетпей койбойт. Жаныӊан түӊүлөсүӊ. Улутттук маалымат мейкиндигин – ак менен караны же жакшы менен жаманды ажырата албаган, намыс менен ар дегенден кол жууган макулуктар ээлеп кеткенби дейсиӊ.

«Де-Фактонун» журналисти президенттен саат сурап алып жатат © А.Мусагулов

Мындай көрүнүш – ала жылкыны аты менен атаган абзел – маӊкуртчулук деп түз эле айтылат. Сапаттык журналистика азыр көздөн учат, сыйпаласаӊ да таппайсыӊ. Өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясый, социалдык-экономикалык кубулуштардын оӊ-тетирисин териштирип ой жүгүртө билген журналистер мууну маалымат талаасынан сүрүлүп ташталды.

Алардын ордун чала сабат, билими тайкы, түшүнүгү тар, ой жүгүртүүсү жакыр, эки сөздүн башын кошуп сабаттуу сүйлөм чүргөй албаган медиаушакчылар менен медиашумпайлар басып алды. Чындап келгенде аларыӊ ушактан тышкары колго кармай тургандай олуттуу, окурмандарга алымдуу макала жазганга деле жарамсыз.

Баш көтөргөн бирин-экин принципиалдуу профессионал журналисттер чыкса эле, жыга чабышат. Алар бийлик тарабынан мурда-кийин болуп көрбөгөн куугунтукка дуушар болушту. Атап айтсак, чыркыраган чындыкты жазган Zanoza.kg менен Кабай Карабеков бийликтин жасоолдору болгон Башпрокуратура жана «хоп, майлиге» айланган сот системасы тарабынан олчойгон доо пулга жыгылууга аргасыз.

«Заноза» сайтына сот «Заноза» деп аталганга да тыюу салды © Азаттык

Дагы бир журналист Улугбек Бабакулов өлкөнү таштап, сыртка чыгып кетүүгө мажбур болду. Иши кылып, азыркы тапта күнкорсуз журналистердин жүрөгүнүн үшүн алып, оозун жабуу кампаниясы кыйгай жүрүп турган учур. Бийликтин куугунтук жасап жатышынын чоо-жайы деле белгилүү. Чынчыл жана сапаттуу журналистика менен авторитардык бийлик келише албастыгы башынан анык.

Бийликтин чаӊырган адилетсиздиги ММКнын баарына тегиз мамиле кылбай, «өзгө өздөй, бөтөнгө бөтөндөй» деген принцип менен саясат жүргүзүп жатканы менен байланышат. Мыйзам ылганып жана иргелип иштелет. Баардыгына тегиз бирдей пайдаланылбай калды.

Мисалы, бийликтин башкы арзымат контентин жаратып, анын жарчысы болгон КТР баштаган атка минерлердин камчысын чапкан пресса оппозицянын үстүнөн ушак таратып, жалаяктай жалаа жаап жибергени эсепке кирбейт. КТРдын жалакордугу жөнүндө прокуратура менен соттордо кеп да, сөз да жок. Баары тегиз ооздоруна суу толтуруп алгансып, үн катпай ымтырашат да ымтырашат.

Кабай Карабеков © Клооп

КТРга кол тийбеш керек, ыйык телеканал. Кыскасы, бийликтин кебин кептеген, сөзүн сөздөгөн маалымат каражаттары оппозицияны насыя жерден башынан ылдый жугунду куюп жиберип жатканы кадыресе көрүнүшкө айланып кеткенин жокко чыгаруу кыйын. Бийлик бул көрүнүштү астыртадан «чала болот» деп табалап кабыл алат.

Ошентип, бийликтин камчы чабаар прессасы оппозицияны жазыксыз каралап жатса, анда мыйзам кашайып иштебей калат да, бийликке каяша катары сын айтыла турган болсо мыйзам демейден тыш күпүлдөп катуу иштей баштайт. Социал-демократтардын «аятолласы» менен жаӊы президент Сооронбай Жээнбековко кылапат кылып сын айтып көр, ошол замат баса калышат. Соттон сотко сүйрөп, айлаӊды алты кетиришет.

Натыйжада мансап төбөлдөрүнүн, бийлик мыкчыгерлеринин «журналистердин жоопкерчилиги», «сөз эркиндиги менен ушактын, сөз эркиндиги менен жалган жалаа жабуунун ортосунда айырма болоору», «оппозициялык журналистер сөз эркиндигин кыянат пайдаланып жаткандыгы» жөнүндөгү ооз көптүрүп сүйлөгөн сөздөрү биротоло дискредитацияланып, тарпы чыкты.

Улугбек Бабакулов © ФерганаРу

Бийликтин айткан сөзү менен жасаган ишинин төп келбестиги, ортосундагы алжайган ажырым бар экени ачык көрүнүп калганы жалган эмес. Кыргыз тилиндеги ушакчы гезиттердин журналисттери өздөрүнө өздөрү ор казып жатканын аӊдап түшүнбөйбү дейсиӊ.

Окурман – реформа жүргүзүүдө бийликтин жаза баскан учурларын жаземдебей, таамай көрсөтүп, социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүдөгү жөндөм жигерин так аныктап, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ийгилик-мүчүлүштөрүн алдыга айкын жайып такай сындап турган прессага катуу муктаж экени башынан белгилүү.

Төтөн бийлик чиновниктеринин ичинде алдым-жуттум кокодон чыккан азыркы кезде прессадагы сынчыл көз караш абадай зарыл экенин эч ким деле тана албас. Сын айтылып турганда гана журналистикага карата болгон окурмандардын кызыгуусу пайда болот.

Амантур Мусагулов президенттин сааты менен © А.Мусагулов

Ал эми азыркы кездегидей бийлик мыкчыгерлеринин алдына төшөлө калып жасакерленүү, же аларга жакшы көрүнүү мүдөөсү менен оппозициянын үстүнөн жалаяктай жалган жалаа жаап, ушак таратып бир жактуу каралоолону өнөр көрүп, кесип кылып алган журналистиканы окурмандар жерип кетери белгилүү.

Окурмандар ак менен караны ажырата албайт, маалымат рыногунда пайда болгон медиапродукциянын баарын ылгабай эле «кепшей берет» дегендер катуу жаӊылышат. Жалаӊ ушак менен күн көрүп калган гезиттерге көӊүл бурулбай, колго алынып окулбай калаары белгилүү. Атүгүл бара-бара суу тумшук, жек көрүндү прессага айланып кетээри деле талашсыз.

Өлкөдөгү негизги маалымат ресурстары бийлик, тагыраак айтканда, азыркы учурда бүт бийликти басып алган СДПК партиясы тарабынан ээленип алынган же анын энчисинде турат. Ошонун ичинен кыргыз тилинде жарык көргөн «кагаз прессанын» басымдуу бөлүгү социал-демократтарга таандык экени деле жашыруун эмес.

Кыргыз гезиттери

«Де-Факто», «Мантыш», «Багыт», «Фабула», «Ачык сөз» сыяктанган гезиттер, «Focus.kg» сайты СДПК фракциясынын депутаттары же партиянын саясий бюросунун мүчөлөрү тарабынан каржыланып, жарыкка чыгып турганы белгилүү. Мындан сырткары СДПКга боор тарткан күчтөр тарабынан басылып чыгып турган «Азия news», «Ачык саясат плюс» деген да гезиттер бар.

Бир сөз менен айтканда, кыргыз тилиндеги гезиттердин көбү СДПКнын бакма гезиттери. Асыресе, алар бийликтин союл чабарлары катары кожоюндарын жантыгынан кетип жанталаша мактап-жактап, ал эми оппозицияга келгенде карандай ушак таратып бир жактуу каралап жиберген редакциялык саясат жүргүзкөнүнө, жана да коомдун орчундуу проблемаларын көтөрүүгө жөндөмсүз экендиктерине байланыштуу окурмандарынан кол жууп калганы жашыруун деле болбой калды.

Элдин аларга талабы жок болгонуна байланыштуу коомдук пикирге тийгизген таасири нөлгө түштү десек да болоор. Жарыкка чыга албай жатып «сыдыпыкычыл» гезиттер макулатурага, түзүн айтканда, таштандыга сарптала турган кагазга айланууда. Акыркы кезде гезит саткан күркөлөргө окурман журтчулугу бир кадам да жакын жолобой калган. Алыстан айланып өтүшөт.

Бишкектеги гезит күркөсү

«СДПКнын бакма кыргыз гезиттери» деген сөз оозго алынып калса шалп эттире жерге түкүргөндөр четтен чыгат. Кыскасы, бийликтин маалымат жасоолдору болгон гезиттер кожоюнга жагалдануунун арзыматтарына, оппозицияны кугунтуктоонун репрессивдик каражаттына айланганы эч кимге деле жашыруун эмес.

Үсөн Касыбеков

Булак: narynaiyp.com

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *