Депутат Камчыбек Жолдошбаев 2017-жылы 863 миң 615 сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү жазылган Бирдиктүү салык декларациясын жарыялап баштады.

Анда көрсөтүлгөндөй Камчыбек Жолдошбаев 2017-жылы 863 миң 615 сом киреше тапкан. Анын жакын туугандары 120 миң сом киреше таба алышкан.  Андан сырткары эл өкүлүнүн аянты 39,81 чаарчы метрди түзгөн батири жана ишенимдүү башкарууга берилген “Беш-Сары ЖЧКсы” бар.

Аталган ишкана көмүр иштетүү менен алектенет. Анын жетекчиси Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна- депутаттын кызы. Ошондой эле эл өкүлү “Сардар “, “Саркүл” жана “Беш-Сары К” ЖЧКларынын негиздөөчүсү.

Коопсуздук Кеңеши маалымдагандай, эгерде чыгаша жана киреше бөлүктөрүндө туура келбестиктер аныкталса, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлөт.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *