“Узметкомбинатта” кайрадан каражат уурдоо катталды

2018-жылы күзүндө “мамлекеттин мүлкүн чыгашага учуратууга” айыпталып, “Узметкомбинаттын” алты кызматкери камалган. Ишкананы башкарууга укук алган SFI Management Group компаниясынын өкүлү 2019-жылы январда жумуштан четтетилди.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы “Өзбек металлургия комбинатында” уурдоо жана мамлекеттин мүлкүн коромжуга учуратуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

“Узметкомбинаттын” инженеринин айтымында, бардык шарт түзүлгөнүнө карабастан, ишкананы башкарууга укук алган SFI Management Group абалды өзгөртө алган эмес. Комбинаттын сатып алуулар боюнча менеджери ири суммадагы каражат уурдоого айыпталууда.

Буга чейин мамлекеттик “Өзбекстан 24” телеканалы SFI Management Group компаниясы өзбек тектүү оруссиялык миллиардер Алишер Усмановго тиешеси бар экенин маалымдаган.

2017-жылы «Өзбек металлургия комбинаты» акционердик коому менен иштешкен 49 ишкананын 80дей кызматкерин камакка алынгандыгы кабарланган.

Бул кызматкерлер мамлекетке жана коомго экономикалык зыян келтирүүгө айыпталып жатышканы айтылган. Тергөө документке ылайык, зыян жүздөгөн миллиард сумду түзгөн.

Маалыматтарга караганда, камакка алынган ишканалардын кызматкерлери «Өзбек металлургия комбинатынын» буга чейин кылмыш иши козголгон жетекчилери менен кутумга барып, металлдарды мыйзамсыз өткөрүп жана сатып турушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *