Вашадзе да кызык киши экен, Бабанов сыяктуу эле “фыр-р” койбойбу десең?

Грузияда башкы такты үчүн шайлоонун экинчи айлампасы 28-ноябрда аяктап, жеңүүчү табылганы менен оппозиция тарап шайлоонун жыйынтыгына макул эмес экенин билдиришүүдө. Алсак, шайлоо аяктагандан үч күн өткөндөн кийин Грузиянын борбору Тбилиси шаарынын борбордук аянты болгон Руставели проспектисине миңдеген адамдар көчөгө чыгышып, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал талапты аткаруу үчүн бийликке 16-декабрга чейин мөөнөт да беришти. «Эгерде биздин талап аткарылбаса 16-декабрда мындан он эсе көп тарапташтарыбыз менен нааразычылык акциясына чыгабыз» деп атышат. Эске сала кетсек Г рузиядагы шайлоонун экинчи айлампасында көз карандысыз талапкер аталган 66 жаштагы Саломе Зурабишвили жалпы шайлоочулардын 59,60 пайызын алган. Ал талапкерди учурдагы Грузин бийлигинде турган «Грузин кыялы» партиясы чоң колдоого алганы айтылууда.

Ал эми 2-декабрдагы болгон митингде чогулган элдин алдына чыккан оппозициялык «Бириккен күч» кыймылынан талапкер болгон (шайлоодо 42 пайыз алган) Григол Вашадзе да саясий кризистен чыгуунун жолу катары шайлоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү сунуш кылууда. Аны менен бирге эле анын талапташтары да шайлоодо добуш сатып алуу жана бурмалоо сыяктуу мыйзам бузуулар болгонун белгилешти. Баса, ал митингде эл алдына чыккан Г. Вашадзе колуна бир топ паспортту алып «мына булар жалган паспорттор, булар мындан 10-20 жыл мурун көзү өткөн грузин жарандарынын документгери. Алар көрүстөндө жаткан жеринен туруп келип добуш бериштиби? Биз суктанып жашап жаткан демократия ушулбу?» – деди. Ошентип, президенттик шайлоонун өткөрүлгөнүнө Грузиянын 40 пайыздан ашык шайлоочулары макул болбой жатышат.

Григол Вашадзе да кызык киши экен, бизде өткөн президенттик шайлоодо ошонукундай эле добушка ээ болгон Өмүрбек Бабанов сыяктуу качып кетпейби десең?

Автор: Нурдин Асанов

Булак: “Айгай-пресс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *