Вазир жакшы, хан жакшы…

Экс-ажобуз Алмазбек Атамбаевдин эң чоң жетишкендиги – мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылгандыгы. Датка-Кемин сыяктуу ири долбоор ишке ашып, Бишкек ТЭЦин жаңыртып кетти. Эми “дымагы күчтүү, жүүнү бош” жаш өкмөттүн айынан Бишкек ТЭЦ иштебей калып кеткен ажого да, азыркы ажого да элдин сөзү тийип отурат. Кытайдын кредитин чукуп, ким күнөөлүү, ким соттолот деп эле жатып калдык. “Вазир жакшы, хан жакшы” демекчи, өкмөт тың болсо, ажонун да кулагы тынч болмок. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кезинде Алмаз Шаршеновичтин чарба иши менен башы ооручу эмес эле. Шарипович эми чарба жагын да көзөмөлгө албаса, ке­чээ парламентте актангандай “мен адис эмесмин, мен дагы билген эмесмин” деген өкмөт башчысы ишти илгерилете албай калды көрүнөт.

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *