Видео – Адахан Мадумаров коомчулукка кайрылуу жасады: “2010-2011-жылдардагы шайлоолордо акмакчылык жасагандар менин көзүмдү карай албай жүрүшөт”

Бүгүн, 1-декабрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгы белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасады.

Анын айтымында, 12 жыл ичинде партия көптөгөн саясий күрөштөргө катышып, бутунда бекем туруп келе жатат.

Ошондой эле, мамлекеттин жаштарды колдогонго каражаты да, каалоосу да жок экендигин айтып, партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 40 пайыз жаштардан тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, А. Мадумаров 2017-жылдагы президенттик шайлоодо партия бир жерге бир сом бербестен, күжүрмөн элдин добушу менен гана миллиарддаган акча чачкан азаматтар менен катар чыккандыгын айтты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *