Видео – Адахан Мадумаров: “Сооронбай Жээнбеков “мен таза сууну чечип берем” дейт, 5 жыл Ошто губернатор болуп 5 үйгө таза суу киргизе алган жок, 5 гектар сугат жер түзө албады”

“Сооронбай, сен 5 жыл башкарган облуста 5 гектар сугат жер пайда болгон жок. “Мен таза сууну чечип берем” дейт, 5 жыл Ошто губернатор болуп иштедиң 5 үйгө таза суу чыгарганың жок, айнанайын”, – деп билдирди КР президенттигине талапкер Адахан Мадумаров 8-октябрда Кочкор-Ата шаарындагы эл менен жолугушууда.

“Сооронбайдын 7 жыл уктаганда да түшүнө кирген эмес өкмөт башчы болуп калам деп. Досу бир жакшы настроениеде олтурганда болосуң деп койсо керек. Ошону менен жүрүп олтурат. Бул жигит эч качан күрөшүп чоңойгон эмес. Дайыма атасынын, жетесинин эми досунун аркасы менен келатат”, – деди Адахан Мадумаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *