Видео – Аида Касымалиева, депутат: “Сузакта кармалган сойкуларга байланыштуу айтсам… Эмнеге 21-кылымда да бизде сексуалдык кулчулук бар?”

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Аида Касымалиева балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулуктардын кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну өкмөттөн талап кылды.

“Бир гана мисалга токтолоюн. Кечээ Сузак районундагы кармалган сойкуларга байланыштуу айтсам, деги укук коргоо органдары каякты карап жүрүшөт? Эмне үчүн ушул 21-кылымда да бизде сексуалдык кулчулук боюнча фактылар катталып жатат? Бул иш мамлекеттик бийлик тарабынан аялдардын укугун коргоо боюнча комплекстүү иштер жасалбай жаткандыгынан кабар берет”, – деди депутат.

1 ой-пикир

  • Аида эжекене туура белгилеп жатат,Чынында жергиликтуу Милициянын Таяныч Чекиттери( пункттары)нде иштеген Милиционерлер кайсы кылган иштери учун айлык алып жатышат.Ошол жерде Эл арасында эмне иштеп болуп жаткан билишпейт!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *