Видео – АКШнын эки шаарын куураган бадалдар «каптады»

АКШнын Калифорния штатындагы Викторвилл жана Юта штатындагы Вест-Жордан шаарларын куураган бадалдар каптады. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Аталган шаарларга көп сандаган куураган өсүмдүктөрдүн топтомун ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жеткен катуу шамал чөлдөн алып барган. Үйүлүп калган бадалдардын бийиктиги эки метрден ашкандыктан, айрым тургундар үйлөрүнөн араң чыгышкан.

Жергиликтүү бийлик көчөлөрдү тазалоого киришти. Топтолгон кургак бадал ыңгайсыздыктардан тышкары, ири өрттөргө алып келип, жашоочулар үчүн чоң коркунуч жаратышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *