Видео – АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалып келген элчиси Дональд Лу өзүн кыргыз тилинде тааныштырды

АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалып, жаңы эле кызматына киришкен Дональд Лу мырза өзүн кыргыз элине кыргыз тилинде тааныштырып, видеокайрылуу жасады:

“Менин атым Дональд Лу. Мен АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчисимин. Мен үй бүлөм менен Бишкекке кайра келгениме абдан кубанычтамын. Кыргыз Республикасы биздин жүрөгүбүздө ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келет. Биздин эң эсте каларлык саякатыбыз мындан 14 жыл мурун Соң-Көл көлдү көздөй болгон. Ошондо мен жолтандабас машинамды айдап алып, дүйнөдөгү эң татаал жолдорду басып өткөм. Көлгө келгенде мен көптөгөн кыргыздар ал жерге “Жигули” машинасын айдап келишкенин көрүп аябай таң калдым. Кантип келдиңер деп сурасам, “жөн эле” деп жооп беришкен…

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *