Видео – Аскар Акаев президент кезинен бери эң жакын, туруктуу үч досу тууралуу айтып берди

Бүгүн, 18-ноябрда социалдык тармактарда Кыргызстандын экс-президенти  Аскар Акаев тууралуу жаңы видеотасма тарады. Айрым маалыматтарга караганда, бул видеотасма жакында эле, 10-ноябрда Москвадагы ресторандардын биринде экс-президенттин туулган күнүн белгилөө учурунда тартылган. Анда Аскар Акаев жанында олтурган экс-депутат Есен Исмаиловду дагы бир чогуу олтурган адамга аябай мактап, ал өзүнүн үч туруктуу досунун бири экендигин, өткөн кылымыдын 90-жылдарындагы Кыргызстандын эң байы жана миллионери болгондугун баса көрсөтөт.

“Билесизби, Есенде эң жакшы сапат бар – ал аябай ишенимдүү дос. Менин Есен сыяктуу досторум экөө-үчөө эле… Өзү билет, Боке (Болот Жанузаков) жана дагы бирөө бар,  азыр айтпайм, ал мекенибизде… Ушулар менин ишенген үч досум. Булар ишенимдүү достор. Эч качан унутушпайт, дайыма эстеп турушат. Мына ушул сапаты анын өзгөчөлүгү. Достукка аябай бекем турат. Конъюктурага карабайт. Конъюктура өзгөргөндө баары өзгөрүп кетишти. Бир гана Есен мурун кандай болсо ошол боюнча өзгөрбөй калды. Есен аябай колу ачык, март киши: миллиондогон долларды иштеп табат да, аны эртеси эле чачып жибериши мүмкүн жана ага кейип да койбойт.  Менин эсимде, 1990-жылдары ал эң бай кыргызстандыктардын бири болчу, кийин анын баарын жоготуп алды. Бирок билесизби, ал кыпындай да өзгөргөн жок. Есен “акча колдун кири, келет-кетет” деп эсептейт”, – деп мактаган Есен Исмаиловду экс-президент Аскар Акаев.

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн Бөрүбай Кудаяров.

Булак: Кyrgyztoday.кg

2 comments

  • Нурлан says:

    Акаев Эсен досум деп мактап жаткан Исмаилов Эсен деген 90-чу жылдардагы депутат окшойт. Ал дунган диаспорасынын жетекчиси, калемди жаны акча менен кыя чапкан спорту, ырчы эмес беле. Ал эми атын атабай аткан дагы бир досу Кубанычбек Жумалиев же Осмонакун Ибраимов болушу сумку.

  • Ушу Аскар Акаевге таан каласын. Кыргызстандыктардын б.а. элдин Канчалаган миллиард долларларын алып чыгып кетти, дагы уялбай , интерьвюларды берип жургону бул анын ото жийиркеничтуу- Кудайдан коркпогон, принциби жок Адам экендигин корсотуп турат.Ал Кыргызстандын чондорун Пара алганга, элдин акчасын( инвестицияларды) кантип жегенге уйротуп кетти.
    Ошондуктан, Анын достору кандай Адам экендиигин айтуу кыйын!!?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *