Видео – Азимбек Бекназаров досу Алмаз Атамбаевдин дооматтарына жооп берди

Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп Алмазбек Атамбаевдин ага “Мегаком” боюнча койгон дооматына жооп берди.

Эсиңиздерге сала кесек, Алмаз Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген маалымат жыйынында: “2010-жылы 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева даярдаган Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу боюнча декретке эмне үчүн “Мегакомдун” 51%ы кирбей калганын мен эң сонун билем. Ошондуктан бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да өз былыктарына жооп бериши керек”, – деп билдирген.

Ошондой эле бүгүнкү маалымат жыйында Бекназаров 2010-жылдын 12-13-майындагы окуялар тууралуу, кыргыздардын таза кандуулугу боюнча билдирүүсү жана эмне үчүн Атамбаев менен макул эместиги туурасында сөз кылды.

Видео: “News agency 24kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *