Видео – Бакиевдик режимге каршы күрөшкөндөр эми Атамбаевдик режимге каршы Ак үй алдына келип, өкүрүп ыйлап турушту

Бүгүн, 24-августта КСДП фракциясы баштаган парламенттеги башкаруучу коалиция Атамбаевдин көрсөтмөсү менен премьер-министр кызматына 2010-жылы 7-апрелде Максим Бакиев менен шапар тээп Америкада кошо жүргөн Сапар Исаковду көрсөтүп жатканына нааразы болгон төңкөрүшчүлөр тобу Ак үй алдындагы 7-апрель баатырларына коюлган эстеликтин жанына келип, өкүрүп ыйлап турушту.

Акциянын катышуучулары Сапарбек Аргымбаев, Качкын Булатов, Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар 2010-жылдын 7-апрелине чейин эле Бакиевдик режимге каршы активдүү күрөшкөнү менен белгилүү болгон коомдук активисттер.  Эми Атамбаевдик режимдин мыйзам бузууларына каршы акция өткөрүштү.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: “Жалбырак ТВ”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *