Видео – Бегалы Наргозуев: “Атамбаевдин журналисттерди куугунтуктап жатышы – бул өтө эле примитивдүү ой жүгүртүүнүн натыйжасы”

Кечээ, 28-декабрда Cөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Бегалы Наргозуев “Жалбырак ТВ” телеканалына интервью берип, экс-президент Атамбаев эмне үчүн эркин басылмаларды, журналисттерди куугунтуктап жатканын түшүндүрүп берди.

– Бүгүн КР Жогорку соту “Сентябрь ТВ” телеканалын жабуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот бул чечимди эч кандай соттук иликтөөлөрдү жүргүзбөй туруп эле бир сааттын ичинде кабыл алган, шаардык сотко кайрылууга мүмкүндүк беришпеген. Сиздин оюңузча мне үчүн мындай болуп жатат?

– Бул деген ал чечимди райондук сот да, Жогорку сот да кабыл албаганын, ал чечимди биздин өлкөдөгү бир Ажыдаар кабыл алып, президенттик администрация аркылуу сотторго түшүргөнүн далилдейт. Коомчулук ошон үчүн сотторду чөнтөк соттор деп атап жатат. Ошондуктан сотторду президент, парламент тандаган Сотторду тандоо кеңеши эмес эл шайлаш керек. Соттор элге жоопкер болушса элге карап иштейт, президентке, парламентке жоопкер болсо президенттин оозун карап иштейт. Дегеле күч органдарын, милицияны, сотту, УКМКны десаясатташтырып, алардын таза профессионалдык функцияларын гана калтырыш керек. Күч органдарын саясаттан четтетиш керек, деполитизация жасаш керек деп айтып жатып тилибиз тешилди.

-Эмне үчүн мурунку президент Атамбаев массалык маалымат каражаттарын, журналисттерди куугунтукка алды деп ойлойсуз? 

– Атамбаевдин ММКларды жана журналисттерди куугунтукка алуусунун себеби примитивдүү эле таарынычтар. Мисалга, Отунбаева менен Текебаев айтып жатпайбы “Атамбаев былтыр 31-августтан тартып Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн куугунтукка алышынын себеби “Убактылуу өкмөт” деген китепке каарман катары Атамбаевдин кирбей калышы болду. Атамбаев чынында эле Убактылуу өкмөт жооптуу чечимдерди кабыл аларда анын ишине катышпай жок болуп кетчи. Анан ал жок болсо, ал катышпаса биз кантип ал болду, ал катышты деп жазабыз” деп. “Эки революцияны тең мен жалгыз жасадым” деп жүргөн Атамбаевге албетте революционерлердин арасында анын аты аталбай жатышы ыза туудурат. Ошондуктан ал Отунбаеваны “самозванка президент”, Текебаевди мародер-коррупционер кылып салды. Анын сыңарындай эле өзүн мессия сезген, асмандан түшкөн куткаруучу сезген, мен бийликке келсем эле Кыргызстанды гүлдөтүп жиберем деп ишенген, азыр да Кыргызстан гүлдөп жатат деп ишенген адамды тескерисинче сындап жазган журналисттерге, ММКларга ызаланат да. Ошондуктан ал аны сындап жазган журналисттерге чын эле ачууланып, ызаланып, аларды куугунтукка алууда. Атамбаев өтө эле примитивдүү ой жүгүрткөн адам. Ал үчүн турмуш ак менен кара түстөн гана турат. Атамбаевди мактап кошомат кылгандар анын жакындары болуп калат, Атамбаевди сындагандар анын душмандары болуп калат. Мына 2010-жылга чейин Атамбаевге каршы күрөшкөндөр ал бийликке келгенден кийин аны жандап “сиз мыктысыз, сиздей кишилер миң жылда бир туулат” деп мактап койсо алардын баарын өзүнүн тегерегине топтоп, эң жогорку мамлекеттик кызматтарга коюп келатат. Ал эми 2010-жылга чейин Атамбаев менен бирге Бакиевге каршы күрөшкөн соратниктери азыр аны сындап койгону үчүн алды абакта олтурат, арты кызматтан куулуп талаада калды. Мына ушундай бир байкаган кишиге ишенбей турган, жаш балдардыкындай, примитивдүү ой жүгүртүүсүнө таянуу менен ММКларды да, журналисттерди да куугунтукка алууда. Азыр кыргыз мамлекетинде бир кызык башкаруу системасы түзүлдү. Анын автору Атамбаев. Ал ушул системанын жашап кетишин каалайт. Аралыктан туруп эле мамлекетти мобилдик телефон аркылуу башкара бергиси келет. Ал азыр Гоадан келип, Дубайга эс алууга учуп кеткен. Бирок ал түзгөн система иштеп жатат. Ошондуктан бул системаны сындагандарды, шек келтиргендерди анын ичинде журналисттерди куугунтуктап жатат. Ал өзүнүн келечектеги коопсуздугуна коркунуч туудургандардын баарын куугунтуктайт. Атамбаев бир гана нерсени мыкты билет экен, аны моюнга алыш керек. Ал Кокон хандыгынын ордо оюндарын жакшы окуп үйрөнгөн экен. Ошону Кыргызстанда заманбап кылып адаптациялап, эң сонун кайрадан ишке ашырып жатат. Мыктыны мыкты деш керек. Анын үстүнө Атамбаевдин бир нече саясатчынын алдында “кыпчактардай кылып башкарыш керек”  деп айтканы массалык маалымат каражаттарына жарыяланбады беле. Мыктылыгынын дагы бир мисалы Алмаз Атамбаев КТРКдан ачык эле кыргыз элине айтпады беле “Менин чоң атам Шаму 150 жыл мурун Кокондон Чүйгө көчүп келген экен, а Коконго Баткенден барганбы же Таластанбы аны билбейм” деп. Мыкты экен, ушинтип эле ачык айтып өз каалаганын жасады.

Видео: “Жалбырак ТВ”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *