Видео – Бегалы Наргозуев жарандык форумдун катышуучуларын Кыргызстанда Кокон хандыгынын орношу менен куттуктады

Cөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Бегалы Наргозуев 14-декабрда Бишкекте өткөн “Саясий куугунтуктоолорду токтотолу!” деген аталыштагы жарандык форумда өлкөдө түзүлгөн азыркы саясий кырдаал тууралуу сөз кылды.

Учурда Атамбаев өзү кызматтан кеткени менен ал түзгөн режим өз доорун сүрүп жатат деген ойду айткан Бегалы Наргозуев “чындыгында мыйзамды сыйлабаган Кокон хандыгы, тоталитардык режим орноду, эми бийликтен саясый куугунтуктоолорду токтотот деп үмүт кылуунун кереги жок, аны менен күрөшүү керек. Атамбаев КСДПнын Төрагалыгына шайланып, парламентти таркатып, кайра жаңы шайлоо аркылуу бийликке кайтып келүүгө далалаттанып жатат” – деди Наргозуев.

Аталган форум Саясий туткундарды коргоо жана Сөз эркиндигин коргоо комитети тарабынан уюштурулган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *