Видео – Бишкектин мал базарынын базаркому сатуучуну “бул базар чүйлүктөр үчүн, а сен өзүңүн Ошуңа кет!” деп кемсинткен

Редакцияга Нурбек аттуу жаран жөнөткөн:

“Бишкектин мал базарында өзүн Жума Тыналиев деп тааныштырган базарком коён сатып олтурган сатуучудан ээлеген орду үчүн акча талап кылып жатканына күбө болуп калдым. Сатуучу ээлеген орду үчүн акча төлөгөнүн айтты. Анда базарком дароо ветврач боло калып, кайсы бир справка үчүн 20 сом талап кыла баштады. Мен 20 сом эмне үчүн керек экенин такып сурадым. Коёндун дени сак деген справка  деди.

Анда мен: “Сиз жөн эле жерден элди тоноп жатасыз! Эмне үчүн сиз коёндорду текшербей туруп эле акча талап кылып жатасыз, демек справканы сиз сатат турбайсызбы?” дедим. Ал ачууланып: “Силердин Ошто текшерип туруп анан справка берет, а бизде болсо кааласаң да каалабасаң да төлөшүң керек” деди. Мен элди бөлбөңүз, биз баарыбыз кыргызбыз деп сурандым. Ал болсо мени уят сөздөр менен тилдей баштаганынан мен телефонумдагы видеокамерам менен аны тарта баштадым. Ал камерага карап туруп, мени базардан чыгып кет деп талап кылып кирди жана кайрадан уят сөздөр менен тилдей баштады. “Бул базар чүйлүктөр үчүн, а сен өзүңүн Ошуңа кет!” деди да мени дарбазаны көздөй түртүп салды.  Мен базар коомдук жай экенин эске салып, мени базардан чыгарганга акыңыз жок дедим. Анда ал мага карата күч колдонуп базардан чыгарып салды. Кайра келип мени өзүнүн кабинетине сүйрөп киргенге аракет кылды бирок колунан келбеди.@

Булак: Kaktus media

4 comments

  • Sulayman Kayıpov says:

    Бул эмне деген?! Бирок, aндaйлaр болот. Мен дa бышыкулaк болуп бүткөм. Бул илдеттен биз aрылa aлбaйт окшойбуз.
    Бaзaрдa эле дейсиңби, мындaй жaпaйылaр бaрдык жерде бaр. Мындaн шумдуктaры Aкүй менен Көкүйдө бaр.
    Элибиз ушул. Ушундaй болсо дa биздики. Жaмaн дебе, жaкшы элин бирөө бербейт. Болгонун болгондой кaбыл aлуугa, өзүң дa эй aркaлык деп, жaгжaңдaшкaнгa көнөсүң, оштугум. Бирок сен көнбөй эле кой, теңелбе, жaпaйынын деңгээлине түшпө, өйдө тур, уяткaрып кой. Aл жерде опурулуп-жaпырылгaны менен (ичинде жүз грaммы дa болсо керек), кыргыз эмеспи, үйүнө бaргaндa ойлонот, эртеси бaшкa мaмиле кылып кaлaт. Кийин, бaлким, достошуп кетесиң. Биздин бaштaн дa мындaйлaр дaлaй өткөн. Кыргыз болуунун “керемети” ошол болсо керек.

  • Bek says:

    Этого чмо надо наместе раком ставить!

  • Абдраимов К. says:

    Минтип элди экиге болуу жакшы эмес.

  • Бектур says:

    Ооба, жакшы эмес.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *