Видео – Чагымчыл видео боюнча Өмүрбек Бабановдун штабы билдирүү таратты

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы  улут аралык кастыкты козутуу боюнча таратылып жаткан чагымчыл видеотасма тууралу билдирүү таратты.

“Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында КР президенттигине талапкер О.Т. Бабановдун дарегине кара пиар күч алды.

Алдыңкы күнү Өмүрбек Бабанов КРнын өзбек улутундагы жарандары менен кагылышууга чакырды деп айыптаган жалган видео таратылды. Президенттикке талапкердин штабы Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөздөрүн минтип бурмалоого кыжырдануусун билдирет.

Талапкер Бабановдун ишенимдүү өкүлдөрү укук коргоо органдарына бул боюнча арыз беришет. Бул видеону монтаждап жана таратып жаткан инсандар улут аралык араздашууну козутканы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек”

Билдирүүгө Өмүрбек Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүнүн толук видеоверсиясы кошо тиркелген, анда талапкер бардык улуттун өкүлдөрүн достукка, биргелешип эмгектенүүгө чакырган, кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлоого, коркутуп-үркүтүүлөргө биргелешип каршы турууга, элдерди бири-бирине жөлөк-таяк болууга чакырган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *