Видео – Чаткалдыктар Иштамберди алтын кенин иштетип жаткан кытайлыктарга каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 12-июнда Чаткал районунун Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылынын тургундары Иштамберди алтын кенин иштетип жаткан кытайлык “Фулд Голд Майнин” компаниясына каршы митингге чыгышты. Митингичилер компания алтын өндүрүүдө уулуу зат – цианидди пайдалануу менен экологияга орду толгус зыян келтирип жатканына нааразы болушууда. Алар ишкананын уулуу калдыктары сакталчу жайын башка жакка которууну жана жапа чеккен элге компенсация төлөп берүүнү талап кылышты.

Видео Бекжан Станбековдуку

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *