Видео – Исхак Масалиев Юстиция министрлигине талапкер Айнур Абдылдаеванын юридикалык жогорку билими жок туруп, өкмөттө кантип эксперт болуп иштеп жүргөнүнө кызыкты

Бүгүн, 11-апрелде КР Жогорку Кеңешинин отурумунда премьер-министр Сапар Исаков Юстиция министри кызматына ошол эле министрликте статс-катчы болуп иштеп жүргөн Айнур Абдылдаеванын талапкердигин сунуштады.

Абдылдаеванын талакердигин талкуулоо учурунда депутат Исхак Масалиев 2003-жылы юридикалык жогорку билими жок математик Айнур Абдылдаева кандай жол менен КР Өкмөтүнүн юридикалык бөлүмүндө эксперт болуп кызматка орношуп алганына кызыкты. Алтургай 2007-жылы юридикалык жогорку билими тууралу жаңы эле диплом алган кыз кантип өкмөттүн юридикалык экспертизалар бөлүмүнө эксперт кылынып алынат? Кадрларды тандоодо ушундай да мамиле болобу деп таң калды.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *