Видео – Элвира Сурабалдиева, депутат: “2017-жылы Кыргызстанда бандиттер ишкерлерди жардырып, өрттөп, “отметкага” коюп жатышат”

“Али бир жыл боло элек, Польшадан келген турист кызды Ысык-Көлдө машинага салып алышып зордуктоого аракет кылышканын баарыңар билесиңер, ошондо биздин мамлекеттик машинанын эки жүздүүлүгүнө таң калгам, милиция “ал кыз өзү күнөөлүү, баратып эле жыгылып түшүптүр, анан тиги биздин балдарга өзү эле асылып, машинасына жабышып түшүп алыптыр, түнүчүндө өз башына өзү балээ үйүп алыптыр” деп чыгышкан”, – деп билдирди 10-январда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева.

“Балким ал кыз тоо туризми менен келгендир, бирок ал өз өлкөсүнө, Польшага барганда өз башынан өткөргөндөрдү сайттарга жарыялады. Аны уккан миңдеген Польшалыктар эми бизге келеби?  Ички иштер министрлиги иштеш керек да. Мына, эки күн мурун, 7-январда Бостериде”Осьминог”кафесин жардырып өрттөп жиберишти. Кафенин кожоюну “биз уюшма кылмыш топторуна “отметка” кылбай койсок кафебизди жардырып кетти” деп ачык эле айтып жатат. Эртеси болсо биздин МВД “кафе жарылган жок, кафенин кызматкерлери өздөрү эле өрттөп жиберди” деп айтып жатат. Эки жүздүүлүктүн да чеги болуш керек да. Ушундан кийин биз кайдагы туризмди айтып жатабыз? 2017-жылы Кыргызстанда бандиттер ишкерлерди жардырып, өрттөп, “отметкага” коюп жатышат. Ушундай учурда кайсы чет өлкөлүк, кайсы ишкер силерге, өкмөткө жардам берет? Мен, мисалы, чөнтөгүмдөн бир тыйын төлөбөйт элем. Эгер эртең менин кафем өрттөнүп кетсе, силер болсо “өзүң жардырдың” деп айтсаңар, мамлекеттен эч кандай кепилдик болбосо, анда кандай болот? Ишкерлер биздин ички инвесторлор. Бул жерде коопсуздук маселесинде ИИМде катуу талап болушу керек. Бизде уюшма кылмыш топтору башынан бери эле Ысык-Көлгө, Кара-Кечеге топтолуп алганын баары эле билет. Анан ал жакты тартипке салмайынча презентация кылып, “туризмди өнүктүрөбүз” деп сөз кылбай эле койгула. Ысык-Көлдө пляжда, пансионатта сабап-тоноп кеткен канча окуялар болуп жатат. МВД иштебей жатат”, – деди депутат Элвира Сурабалдиева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *