Видео – Француз Франсуа Габар яхтасы менен дүйнөнү 42 күндө айланып чыгып, рекорд койду

Бүгүн, 17-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 01.45. чамасында француз Франсуа Габар яхтасы менен дүйнөнү 42 күн, 16 саат 40 мүнөт жана 35 секундда жалгыз бир айланып келип, Франциянын Уэссан аралы менен Улуу Британиянын Лизард булуңунун ортосундагы виртуалдуу сызыкты – финишти кесип өтүп жаңы рекорд койду.

34 жаштагы Франсуа Габар жер планетасын Macif аттуу яхта менен чарк айланып чыкты.

Мындан туптуура 1 жыл мурун, 2016-жылдын декабрында дагы бир француз Том Ковиль яхтасы менен дүйнөнү 49 күн, 3 саат, 7 мүнөт жана 38 секундда айланып келип рекорд койгон эле.

Франсуа Габар жердеши Том Ковилге караганда жер шарын дээрлик бир жумага эрте айланып чыга алды.

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *