Видео – III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун промо-ролиги жарыяланды

Быйыл күзүндө, сентябрь айында өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы бул оюндун расмий промо-ролигин жарыялады. Анда Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышы менен улуттук оюндары, материалдык маданиятынын үлгүлөрү чагылдырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек,  I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылы Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин Баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаровдун демилгеси жана патронаждыгы астында өткөн.

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылы ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин демилгеси жана патронаждыгы астында өткөрүлгөн.

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл, 2018-жылы сентябрда өткөрүлмөкчү.

 

 

 

1 ой-пикир

  • Азамат says:

    Промо-ролик абдан начар тартылган, фон кункурт, жарык эмес, тар жерлерде, дарактардын арасында тартылган, мындай промо жарабайт!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *