Видео – Каныбек Иманалиев: Биздикилер Сомалиге 4 тик учак ижарага бермек болуп жатышат, Кыргызстанга бир тыйын түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшөт экен

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев «Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат» деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керек экенин билдирди.

«Экөөнү Америкадан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жооп бериши керек, бул кылмыш», — деди Иманалиев.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти териштирүүгө убада берди. Парламент учурда өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчетун угуп жатат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *