Видео – Ахматбек Келдибеков бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын съездинде Мадумаровдун президенттикке талапкерлигин колдоорун билдирди

Бүгүн, 11-июлда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын съезди болуп өттү. Анда сөз сүйлөгөн саясатчы, экс-спикер Ахматбек Келдибеков “Мадумаров президенттикке татыктуу талапкер, колдойбуз” деп билдирди жана съезддин делегаттарын Мадумаровдун талапкердигин колдоого чакырды

“Биз азыркы адилетсиз бийлик, адилетсиз жашоо-турмуш менен күрөшүү үчүн бириктик, ага каршы туруп күрөшүү үчүн биригүүнү чечтик. Элибиз колдоп берсе ийгиликке жетебиз”, – деди Келдибеков

Ошондой эле экс-спикер кийинки жумада, 18-июлда “Ата-Журт” саясый партиясынын да съезди өтөрүн кошумчалады.

Видео: pressa 2017

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *