Видео – Кубанычбек Кулматовдун аялын сот залына киргизбей коюшту

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаардык соту абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун аны 28-сентябрга чейин камакта калтырган Биринчи май райондук сотунун чечимине аппеляциялык арызын карады. Сот башталарда келген Кубанычбек Кулматовдун экинчи аялы Жамила Кулматованы сот залына киргизбей коюшту. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *