Видео – Кыргыз бийлиги Бишкек ТЭЦине баасы $350 доллардан ашпаган 128 видеокамеранын ар бирин $14.500дөн алдык деп, $1 млн 856.000 чыгымдашканы ачыкталды

Кечээ КР Жогорку Кеңешинин Бишкек ТЭЦинин модернизациясына Кытайдан алынган $386 миллион доллардык кредиттин сарпталышын иликтеген депутаттык комиссия бийлик базарда баасы $350 доллардан ашпаган 128 видеокамеранын ар бирин $14.500.дөн алдык деп $1 млн 856.000 чыгымдашканын ачыкташты.

Чындыгында документтерде видеокамера деп көрсөтүлгөн 128 аппарат видеокамера деле эмес, ал короого, имаратка кирип-чыккандарды видеокаттоого алып туруучу кадимки эле видеорегистраторлор. Алардын баалары $350 дан арзан болушу мүмкүн.

Эксперттердин айтуусу боюнча баасы $30 миллиондон ашпаган модернизация эмнегедир $386 миллионго бааланып, ушундай жолдор менен ишке ашырылган.

Кытайдан алынган $386 миллионду кыргыз эли үстөгү менен кошуп, $500 миллион кылып кайтарып бериши керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Толкунбек says:

    Ошончо акчага камераны цехке койгончо Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол, Бишкек-Торугарт жолдоруна койгула .

    Анан бизге жомокту айтасынар, мына коррупция ушул жерде баштагыла канча кутолу?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *