Видео – Кытайдагы Чунцин шаарында айдоочу менен жүргүнчү аялдын урушунан автобус дарыяга түшүп кетип, 13 адам көз жумду

Бүгүн, 2-ноябрда Кытайдагы Чунцин шаарында айдоочу менен жүргүнчү аялдын урушунан автобус дарыяга түшүп кетип, 13 адам көз жумду. Бул тууралуу “Sine” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кырсыкка учураган автобустан бир аялдама мурда түшкөн жүргүнчүлөр айдоочу менен аялдын урушу айдоочу жүргүнчү аял айткан жерден токтобой койгону үчүн чыкканын айтышкан. Аял айдоочуну телефону менен башка чапканда, айдоочу аны колунан тарта коем деп алаксып башкаруудан чыгып кеткен. Автобустун ичинде 13 жүргүнчү болгон.

Ошондой эле жүргүнчүлөр айдоочунун күнөөлүү эмес экенин айтышкан. Ал алдын ала автобустун багыты өзгөргөнүн жүргүнчүлөргө эскерткен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *