Видео – МАИчинин үстүнө машинасын салып жиберген “Лексустун” айдоочусу “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы болуп чыкты

Кечээ, 31-майда Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө МАИчинин токтотконуна нааразы болуп, анын үстүнө машинасын салып жиберген “Лексус-570” джип унаасынын айдоочусу  КР Жогорку Кеңешиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын 5-чакырылыштагы депутаты жана азыр 6-чакырылышка да тизмеге кирген аксакал Ташполот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева болуп чыкты.

Андан сырткары Балтабаева Нургүл Ташполотовна КР ИИМинин Маң заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экс-начальниги Алымжан Козубаевдин жубайы экендиги аныкталды.

Милиция Нургүл Балтабаеванын үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 341-бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр ишти тергеп жатат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

1 ой-пикир

  • Дыйканбай says:

    А дегенде Ата-Мекен партиясынын эксдепутатынын эрке талтан кызы, милициянын офицеринин кем акыл аялы озунун баткенден алган тарбиясын, акчасына копкон Катын экенин Кыргыз элине далилдеди. Мындай кылмышы учун туромого отургузуп, козунун жашын колдотуп соттош керек, кеминде 5 жылга!!! Кыргыз эли мындай копкондордун Ишин коз жаздымда калтырбай, аягына чыгуусун МВД дан талап кылыш керек!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *