Видео – Монгол сумо балбаны Асасёрю Дагвадорж менен америкалык кикбоксер Боб Сапп Токиодо таймашка чыгып, монгол жеңип кетти

Жаңы жыл алдында, 31-декабрда Япониянын борбору Токиодо монгол сумо балбаны Асасёрю Дагвадорж менен америкалык кикбоксер Боб Сапп спорттук шоуда таймашка чыгып, монгол Асасёрю Дагвадорж жеңип кетти.

Таймаш сумо күрөшүнүн эрежелери боюнча өтүп, бирок балбандарга татиай-хэнканы (атаандаш менен кагышуудан буйтап кетүүнү) колдонууга, харитэ (жаака чабуу) жана катиагэ (желкеси менен алдыга атырылып чыгуу) ыкмаларын пайдаланууга тыюу салынган эле.

Эгер кикбоксер Боб Сапп сумочу Асасёрю Дагвадоржду тегерек чийинден сүрүп чыгарса 10 миллион иен байгени утуп алмак.

Төмөндө беттешүүнүн жарнамасы:

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *