Видео – Навальный: Чеченстанда «экстремисттик ислам режими» түзүлдү

Оппозициячы Алексей Навальный Чеченстанда «жанкечтилер армиясы менен» Орусияга жана жалпы дүйнөгө коркунуч жараткан «экстремисттик ислам режими» түзүлдү деп эсептейт. Бул тууралуу ал Грозныйда өткөн митинг жөнүндө пикирин айтып жатып билдирди.

Анда Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровдун өкүлдөрүнүн бири Мьянмага миңдеген аскерден турган армия жөнөтүү керектигин айткан.

“Ал аскерлердин ар бири өлүмдү өз өмүрлөрүнөн да жакшы көрүшөт”, – деп кошумчалаган Кадыровдун өкүлү. Навальный анын бул айткандарын террорчунун билдирүүлөрүнө салыштырды.

4-сентябрда Грозныйда Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарын колдогон митинг өткөн. Чеченстан бийлиги ага миллиондон ашык киши катышканын билдирүүдө.

Күн мурун рохинжа-мусулмандарын колдогон акция Москвада дагы өтүп, жүздөгөн мусулмандар Мьянманын элчилигинин алдына барышкан. Кийинчерээк Кадыров эгер Орусия Мьянмада рохинжалардын куугунтукталып жатышын колдосо, ал бул позицияга каршы болорун айтты.

Калкынын көбү буддисттер болгон Мьянмада азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка туш болуп келет. Мындан улам миңдеген рохинжа журт которууга мажбур болгон. Акыркы жумадагы кагылыштан 400гө жакын адам каза болгону кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *