Нурбек Мурашев, Айыл чарба, тамак-аш жана меллорация министри: “Биздин министрликтен 516 адам кыскарып жатат. Себеби… ”

—Өкмөттүн жаӊы программасында ушул оптимизация маселеси катуу көтөрүлүп жатпайбы. Анан эми байкашыбызга караганда ушул маселе сиздерге түздөн-түз багытталып жатыптыр да. Себеби абдан көп кызматкерлерди бошотуу талабы айтылып жаткан экен. Бул боюнча кененирээк маалымат берсеӊиз?

—Оптимизация боюнча бизде Өкмөт тарабынан токтом чыгып,  биздин министрликтен жалпысынан 10 пайыз кызматкерлер кыскара турган болду. Сунушубузду бердик. Ошондо министрликте жалпысынан 516 кызматкер кыскарып жатат. Буюрса ушул айдын аягына чейин толук кыскартып аркы айдан тарта кыскартуу менен иш баштайбыз.

—Бул кыскартуу баягы бири-бирин кайталагандан, натыйжасы аз болгондон улам болду да?  

—Натыйжасы аз деле десем болбойт го. Бирок кызматкерлер үчүн иштин кыйынчылыгы бир аз көбөйдү. Негизинен өзүӊөр билесиӊер биздин министрликтеги  5200 кызматкердин 4500дөн ашыгы Суу чарба депертаментинде иштейт. Калган департаментте, борбордук аппаратта аз эле  адам иштейт. Негизинен бул Суу чарба департаментинде эмнеге мынчалык  көп дегенде ар бир айыл өкмөтүндө бир-экиден мураб болгондугунан улам көбөйүп кетет. Ошондо кыскарып жаткан 516 адамдын  450сү Суу чарба департаментинде иштегендер болуп эсептелет.

—Эми ушул кыскартуу менен бюджет маселеси кандай чечилет?

—Министрликтин бюджетинде жалпысынан 1 миллиард 200 миллион сом. Бул фонд айлык болуп эсептелет. Мунун 1 миллиардга жакын суммасы Суу чарба департаментине каралган.

—Бул жерде иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысы канча? 

—Кызматкерлердин колуна тийген орточо айлыгы 12 миӊ сомду түзөт. Эӊ төмөнкү айлык 8 миӊ сом.

—Сиздики канча?

—Менин алган айлыгым 28 миӊ сом.

—Демек, силердин бюджетиӊер 1 миллиард 200 миллион сом болгону менен, айыл-чарба иштерин өнүктүрүүгө акча деле калбайт экен да?

—Жок. Жылына талаачылык иштерин өнүктүрүүгө, айыл-чарбасына керектүү техникаларды ремонттоого, департаменттин баардыгына 400 миллион сом каралат.  Департменттер акчаны тегиз бөлүштүрүп иш алып барат.

—Коомчулук деле билет. ЖМКга деле көп чыгып жатпайбы. Сиз жетектеген министрликке чет мамлекеттерден көп долбоорлор менен арбан акча келет.  Ушулардын суммасын билсек болобу? Жылына болжол менен канча акча каражаты тартылат?

—долбоор маселеси чоң сөз. Кыскача айтканда, азыр болжол менен Суу чарба департаментинде эки чоӊ долбоор иштеп жатат. Бирөөсү 38 миллион долларлык болсо, экинчиси 35 миллион долларлык долбоор жаӊыдан ишке кирип жатат.

—Сизде 2016-2017-жылга карата канча акча каражаты тартылганы  боюнча маалымат барбы?

—2016-жылдан тарта 2019-жылга чейинки маалыматты бере турган болсом бизде жалпысынан 8 долбоор боюнча иш жүрүп жатат.  8 долбордун  жалпы суммасы 148 миллион 850 миӊ АКШ долларын түзөт. Мунун 86,3 миллион доллары грант, 49,2 миллион доллары кредит экен.  Бул грант, кредиттер Дүйнөлүк Банктан, Азия Өнүктүрүү Банкынан берилет. Ар бир долбоордун өзүнүн жетекчиси бар.

—Сиз өзүӊүз мамлекеттен бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланылышына жана  проектилердин аткарылышын тыкыр көзөмөлдөйсүз да…

—Мен сиздерге ачыгын эле айтайын. Мен бул кызматка келгенден бери  сырттан келген акча каражаттарын туура пайдалануу боюнча катуу иш алып барып жатам. Ички аудитти өзүм текшертем. Кыскасы мыйзам чегинде иш алып барууну толук жолго салып жатам.

—Сиз министр болгонуӊуздан бери коррупция боюнча кандай иштер байкалды? Эми ушунча көп кызматкердин арасынан сот жообуна тартылган, же кызматтан айдалган  учурлар болдубу?

—Негизинен өзүӊөр билгендей  биздин министрликтин борбордук аппараты айыл-чарба саясатты жүргүзөт. Калган департаментти жылыга Эсеп палатасы текшерет. Кызматкерлердин арасынан кызматтан кетиргиле десе кызматтан кетирип, сот процессине жибергиле десе ал жакка жиберген учурлар болду. Негизинен бизде коррупциялык элементтер өтө көп деле байкалбайт.

Бул маектин видео версиясын төмөндө көрүӊүздөр:

— Дыйкандардын айдаган эгини менен баккан малдарынан маалымат алып эле ошону таратып отурат деп сизге чейинки министрлерден тышкары дегеле сиздердин министрликке көп сындар айтылат. Ал тургай Жамин Акималиев баштаган академиктер “Конторасы менен кагазы, калеми эле калды. Башкасы калган жок. Жоюп салыш керек!”-деп катуу айтпады беле. Бул боюнча эмне дейсиз?  

—Эми сырттан караган адамга жумуш жоктой сезиле берет. Мисалы, кышында дыйкандар эс алат деген менен, биз декабрдан баштап мартка чейин биздин министрликтегилер толугу менен семинарларга жиберилет. Андан сырткары ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп ар бир облустагы дыйкандарга  жер семирткичтердин таратылышы боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Негизинен иштейм деген адамга  жумуш көп. Иштебей сын тагам дегенге сөз көп. Мына ошол эле Жамин Акималиев аксакал Дыйканчылык институтунда канча жыл иштеди. Мен эч кимден тартынбай эле айтам. Ал жакты кандай абалга келтиргенин  өзүӊөр бир барып көрсөӊөр деле болот. Туурабы?..

—Бизде ал боюнча маалымат жок экен…

—Эми маалымат силерде бар. Мен бирөөнү жамандабайм. Антип сын такпайм. Ошол айткан, сын таккан кишилердин жумушун өзүӊөр көрүп койсоӊор жакшы болмок да.

Маектешкен: Нуркемел  ИСАЕВ

Булак: “Багыт” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *