Видео – Өмүрбек Бабанов: “Президенттикке талапкерлердин күрөө акысын 500 миллион сомго көтөрбөсөк ондогон талапкерлер чыгып, бүт дүйнөгө шылдың болобуз”

“Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, азыр президенттикке талапкер 100 миң сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөп, телеэфирден акысыз үгүт жүргүзө алат. Бул сумма аз болгондуктан ондогон талапкерлер президенттик шайлоого катышып, бүт дүйнөгө шылдың болгонбуз. Ошондуктан талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатыш үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасын жогору көтөрүш керек. Президенттикке талапкерлер менен сүйлөшсөм, алар үгүт иштерине 300-500 миллион сомдон жумшоого даяр экенин айтышууда”, –  деп билдирди кечээ, 3-февралда “Республика-Атажурт” фракциясынын отурумунда анын лидери Өмүрбек Бабанов “КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана КР Президентин шайлоо жөнүндө мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда.

Булак:  Кyrgyztoday.org

2 comments

  • Райымбек Усупжанов says:

    Бул туура эмес!!! Акылы тайкы, өздөрүнүн байлыктарын көбөйтүүдөн башка элди ойлобогон олигархтар менен акчалуулар президенттикке катышып,ал эми чөнтөктөрү жука болсо да, жон териси менен элинин жан дүйнөсүн, көйгөйүн сезе билген. Мамлекетти кантип карыздан чыгарып, жакырчылыктан куткарабыз -деп терең ой жүгүрткөн азаматтарыбыздын колу -буттарын байлап, ой-максаттарын ишке ашырууга тоскоол болобуз.Эгерде ошол БОТ айткан кандидаттардын кимиси ошончолук акчалары көп болсо, ортого чыгарып Кыргызстанды сырткы карыздарынан куткарып алсын да, ошол президенттике кое берсин. Эч ким каршы болбойт. Мени башкалар колдойт -деп ойлойм. “Суудуку-сууга”-дегендей, элдин акчасын элге жушагыла да.

  • Абдыкерим says:

    Текебаев тануулап койгон бобоктордун “айылдамаш” оюнун элестеткен мамлекеттик тузумдон кутулууну ойлоо керек. Партия-партия болуп алышып бири депутат, бири министр, бири кенешчи болуп ойноп жатышат, кез кези менен алмашып. Жумуштан дайын жок, анын эч кимге кереги деле жок. Эми жергиликтуу бийликти каптады. Башчы болуп аты жонун жакшы жаза албагандар келгени аз келгенсип кемине оз командалары менен келе башташты, алдынкысын кубалашып. “Эшегине жараша тушагы” дегендей чала монол башчынын командасы кайсыл эле. А бир адис канча жылда калыптанат? Такыр эле ушул системадан чыкпашыбыз керек болсо анда президенттин, ЖК депутатынын, премьер, вице, министр кызмат ордунан томон карай кичи мамлекеттик-муниципалдык кызматтарга чейин аукционго эле коюп коюш керек, баары бир бир “туркой” ээлей турган болгон сон. Бул бир топ эле пайда берет мамлекетке, машина номеринин аукционундай эле болот. Депутаттык орун учун 100 мин $ дан жогору толоп жатышпайбы, а аукциондо кепилдиги мене млн. дон ашып тушот. Ошондо сарандыкка барбаса Бабанов президент болот, бул киши олкону баалап сатып жиберет дечи, бирок Бабанов эместер талап тонобой жатышты беле? Баары бир эмеспи, же буларды шыпырып тазалап мусорго ыргытканга бел байлайбызбы акыры?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *