Видео – Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду

Бүгүн, 9-январда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунан Бишкектин №47 абагына которулду.

Эске салсак, ал  ооруканада 2018-жылдын 13-декабрынан бери даарыланып келген.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

Азырынча президенттик аппарат бул кайрылууга жооп бере элек.

 

Булак:KyrgyzToday  

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *