Видео – Орусияда кечээки нааразылык акциялары маалында миңден ашык киши кармалды

Орусияда пенсиялык куракты жогорулатууга каршы жекшембиде өткөн нааразылык акциялары маалында минден ашык киши кармалды. «ОВД-Инфо» басылмасынын маалыматына караганда, эң көп демонстрант Санкт-Петербург (452 киши) жана Екатеринбург (183 киши) шаарларында кармалган.

9-сентябрда Орусиянын көпчүлүк аймактарында пенсия реформасына каршы митингдер өттү. Аларга болжол менен 60 миңден 80 миңге чейин адам катышты. Бул тууралуу оппозициячы Алексей Навальныйдын жакын санаалашы Леонид Волков «Твиттер» баракчасына жазды.

Москванын Пушкин аянтындагы акцияга беш миңге жакын киши катышты. Алар Пушкиндин эстелигинин алдына «Пенсия» деген жазуусу бар аза күтүү гүлчамбарын коюп, «Бул реформа эмес, бул таноо», «Акчаларыбызды кайтарып бергиле» деп кыйкырышты. «ОВД-Инфонун» маалыматы боюнча, аяттан 43 киши кармалды. Алардын кеминде сегизи полиция бөлүмүндө эртең мененкиге чейин болушкан. Акция маалында чогулгандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, укук коргоо органдары активисттерге каратакатуу күч колдонушту.

Москвада полиция кызматкерин жарадар кылган акция катышуучуларына каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине Тергөө комитетинин Москва бөлүмүнүн өкүлү Юлия Иванова билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *