Видео – Өзбек диссиденти Талиб Якубов 12 жылдан кийин мекенине кайтып келди

Талиб Якубов.

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун саясатын катуу сындап келген Адам укуктары коомунун башчысы Талиб Якубов 12 жылдан кийин мекенине кайтып келди. 2014-жылы расмий Ташкент аны жарандыгынан ажыраткан.

26-сентябрда Якубовду Ташкент аэропортунан туугандары жана кесиптештери тосуп алышты. Ал аэропортто эч кандай маселе болбогонун билдирди.

Атайын кызматтын куугунтуктоолорунан улам 2007-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен укук коргоочу жашыруун түрдө өзбек жарандыгынан ажыратылганын билбегенин айтты.

Быйыл 15-августта Талиб Якубовго Өзбекстандын Франциядагы элчилигинен телефон чалышып, мекенине кайтуу үчүн бир жылдык виза алса боло турганын кабарлашкан.

– Консул Өзбекстанга кайтып барсаңар болот, ал жакта эч кандай маселе болбойт деп айтты. Элчиликте мени жакшы тосуп алышып, он мүнөттүн ичинде виза даярдап беришти. Мен мындай мамилеге абдан таң калдым. Эки жылдан кийин 80 жашка чыгам, ооруп жүрөм. Өзбекстанга кандай зыян алып келмек элем? Мекенимди аябай сагындым, – деди Талиб Якубов.

Кийинки айда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Францияга барат. Бул Шавкат Мирзиёевдин өлкө башчысы катары Европа биримдигине жасалган алгачкы сапары болот.

Эң улуу өзбек укук коргоочуларынын бири жана Өзбекстандын адам укуктары коомунун негиздөөчүсү Талиб Якубов 2005-жылы Анжиянда болгон окуялардан кийин жарандык коомдун активисттерине карата башталган репрессиялардан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Францияда башкалка алгандан кийин өз уюмун ал өлкөдө каттоодон өткөрүп, укук коргоочулук ишмердүүлүгүн уланткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *