Видео – Өзбекстандан Кыргызстанга жашыруун алынып келаткан $5,3 млн. колго түшүрүлдү

28-августтун түнүндө Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде -Наманган облусунун Янгикурган районунун Гязнун айылында Cobalt и Lacetti үлгүсүндөгү шектүү машинаны токтотушкан. Текшере келгенде өзбек жарандары Лукмон Муминов, Одил Муйдинов жана Низом Мулажоновдор машинада $5,3 млн. накталай акчаны Кыргызстанга жашыруун өткөрүп жиберүү үчүн алып келатышканы аныкталган. Бул тууралу “Өзбекстан-24” телеканалы Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме берип, маалымдайт.
Азыр бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *