Видео – Премьер-министр Сапар Исаковдун кичи мекени Кочкордо аким президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерин чечип салууну буйруган

Премьер-министр Сапар Исаковдун кичи мекени Кочкордо талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерин чечип жатышат. Жергиликтүү бийлик, райондун акими Бабановдун баннерин алып салууну буюрган. Илинген баннерлердин арендасы төлөнүп, мыйзам эрежелери толук аткарылган. Мындай аракет элди бөлүп-жарууга, тирешүүгө жана кыжырданууга алып келет.

Posted by Дайырбек Орунбеков on Sunday, September 10, 2017

Дайырбек Орунбеков, журналист

2 comments

  • Майрамбек Деркенбаев says:

    Бизге Кочкор районунун Кочкор айылынын борборундагы Алтын Ордо дүкөнүнүн жанындагы рекламалык щиттеги президенттике талапкер Бабановдун баннерин жергиликтүү бийлик чечтирип салыптыр деген кабар келди. Биз аныгын билүү үчүн кайрылганыбызда Кочкор айыл өкмөтү аны мындайча түшүндүрдү.
    Кочкор районунун Кочкор айылынын борборундагы Алтын Ордо дүкөнүнүн жанындагы рекламалык щит 2004-жылы SASA фирмасы тарабынан орнотулган жана щит турган жерди Кочкор айыл өкмөтүнөн 5 жылдык мөөнөткө ижарага алган. 2009-жылдан тарта SASA фирмасы ижарага алуу мөөнөтүн узартпай, акысын төлөгөн эмес жана белегисиз себептер менен щитти ээ сиз калтырган. Ошондуктан бул рекламалык щитке 2009-жылдан тарта Кочкор айыл өкмөтү социалдык же мамлекеттик маанидеги жарнактар илип келген. Ал эми 2016-жылы октябрь айында ээ сиз калган щит айыл өкмөттүн балансына алынган. Ал эми талапкер Ө.Бабановдун тарапташтары тарабынан 2017-жылдын 10-сентябрь түнү илинген жарнакты алдырып салганымдын себеби, талапкер Ө.Бабановдун шайлоо штабы Кочкор айыл өкмөтү менен эч кандай келишим түзгөн эмес. Ошол себептен мен тапшырма берип, алдырып салгам. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраилов 10.09.2017

  • Майрамбек Деркенбаев says:

    Write a comment…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *